Сафаровка – Барпы унаа жолунун курулушун тездетүү тапшырылды

Аймак 04 Март 2026 09:55
WhatsApp Image 2026-03-04 at 15.08.49 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-03-04 at 15.08.49.jpeg
WhatsApp Image 2026-03-04 at 15.08.48.jpeg
WhatsApp Image 2026-03-04 at 15.08.49 (2).jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-03-04 at 15.08.49 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-03-04 at 15.08.49.jpeg
WhatsApp Image 2026-03-04 at 15.08.48.jpeg
WhatsApp Image 2026-03-04 at 15.08.49 (2).jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 04.03.26. /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобоев Жалал-Абад облусуна жумушчу сапары менен барды.

Ведомстводон маалымдашкандай, иш сапарынын алкагында министр Сафаровка – Барпы унаа жолунун курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Жолдун жалпы узундугу 25 чакырымды түзөт.

Министр курулуш иштеринин жүрүшү солгун жүрүп жатканын белгилеп, подрядчы компанияга иштин темпин күчөтүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.