Садыр Жапаровдун сапары тарыхый окуя болуп, кызматташууга жол ачты - Египеттин билим берүү министри

Пикир Загрузка... 05 Ноябрь 2025 23:00
WhatsApp_Image_2025_odHCUhz.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 05.11.25 /Кабар/. Египеттин жогорку билим берүү жана илимий изилдөөлөр министри Мухаммад Айман Ашур “Кабар” агенттигине маек берип жатып, президент Садыр Жапаровдун Египетке болгон расмий сапарын жогору баалады. Ал бул сапарды эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган тарыхый окуя деп атады.

“Бул – Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан берки Африка континентине жасаган алгачкы расмий президенттик сапар. Анын жыйынтыгында экономика, банк иши, айыл чарба, билим берүү, энергетика жана дин иштери боюнча эки тараптуу сегиз документке кол коюлду.

“Кыргызстандын президентинин Египетке болгон сапары — тарыхый окуя жана жемиштүү макулдашуулар менен коштолду”, — деп белгиледи министр.

Анын айтымында, сапардын алкагында эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык жана илимий-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн өкмөттөр аралык комиссия түзүлдү.

Ошондой эле Мухаммад Айман Ашур кошумчалагандай, Египет тарап жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча активдүү иш алып барууга даяр.

“Сапардын жүрүшүндө кол коюлган бардык келишимдер жакын арада иш жүзүнө ашат деп ишенем”,-деди ал.