Бишкек, 03.12.25 /Кабар/. Кыргызстан менен Пакистандын көп тармактуу кызматташуусуунун келечеги кең. Мындай пикирин “Кабар” маалымат агенттигине Коррупцияга каршы ишкерлер кеңешинин өкүлү, эксперт Ялкун Даутов билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө президент Садыр Жапаров дүйнө жүзүндөгү бүт өлкөлөр менен көп тараптуу мамилелерди түзүп жатат. Биз менен кызматташкан мамлекеттер менен кызматташтыкты бекемдеп, ал эми кээ бир өлкөлөр менен жаңыдан кызматташтыкты түзүп жатат.
“Мамлекет башчысынын Пакистанга болгон мамлекеттик сапары жемиштүү болуп, эки өлкө үчүн маанилүү экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга жол ачат. Айрыкча айыл чарба индустриясы, инвестициялык мүмкүнчүлүктөр, бизнес форумдарды өткөрүү, энергетика, билим берүү жана илим багыттарында кеңири кызматташууга шарт бар. Эки өлкөнүн ортосунда электр энергиясы боюнча, экспорттоо жаатында, билим берүү жана илим жаатында да кызматташууну көбөйтүүгө болот”,-деди ал.
Даутов кошумчалагандай, Пакистан бүгүнкү күндө IT тармагында дүйнөдө алдыга чыккан өлкөлөрдүн бири. Ошондуктан Кыргызстан бул багытта да биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруусу жөндүү.
“Муну менен катар инвестиция тартуу жана ишкерлердин кызматташуусун кеңейтүү үчүн бизнес форумдарды активдүү өткөрүү керек. Ошондой эле Пакистанда дүйнөгө белгилүү үч чоң деңиз порту бар. Бул жаатта да стратегиялык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу зарыл. Эң негизги көңүл экономикалык жана соода-сатык байланыштарын кеңейтүүгө бурулушу керек. Туризмди өнүктүрүү, соода жүгүртүүнү көбөйтүү жана бизнес форумдарды үзгүлтүксүз өткөрүү эки өлкө мамилелерин жаңы деңгээлге чыгарат”,-деп белгиледи ал.