Садыр Жапаров журналист Калия Дүйшебаеванын дарылануусуна каражат бөлдү

Коом 399 01 Июль 2026 19:09
5-02-2012_many_kirgyz_som_5000_1000_100_200_elyor_nematov_kloop_bishkek_kirgyzstan-11.jpg
734570305_122117375253024257_6079092655400541685_n.jpg
Алдыга
Артка
5-02-2012_many_kirgyz_som_5000_1000_100_200_elyor_nematov_kloop_bishkek_kirgyzstan-11.jpg
734570305_122117375253024257_6079092655400541685_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 01.07.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров журналист Калия Дүйшебаеванын дарылануусуна каражат бөлдү. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Кесиптешибиз Калия Дүйшебаеванын ден соолугуна байланыштуу журналисттер анын дарылануусуна колдоо көрсөтүү максатында каражат чогултуу демилгесин көтөрүп, Facebook баракчалары аркылуу коомчулукка кайрылышкан.

Бул маалыматты көргөн жетекчибиз Садыр Нургожоевич өзүнүн фондунан Калияга материалдык жардам көрсөтүп, керек болгон акча каражатын бөлүп берди.

Калия, ден соолугуң чың болуп, тезирек сакайып кетишиңди каалайбыз. Ар дайым элиңе кызмат кылып, жакшы жаңылыктарды тартуулап жүрө бер!", — деп билдирди ал.