Жумгалда 21 объект курулууда: Президент аймактын өнүгүүсү менен таанышты

Президент 637 23 Июнь 2026 12:10
728828246_1536534751197257_5946078334314402126_n.jpg
730049777_4455808551369019_78898582519617404_n (1).jpg
730584530_1672290690743552_1453011389138652253_n (1).jpg
728685478_2259865414842189_2410729365511024237_n (1).jpg
728893333_1681238879595161_4080931305146000169_n.jpg
730491375_995738693270020_6546795160198261915_n.jpg
728685478_2259865414842189_2410729365511024237_n.jpg
Алдыга
Артка
728828246_1536534751197257_5946078334314402126_n.jpg
730049777_4455808551369019_78898582519617404_n (1).jpg
730584530_1672290690743552_1453011389138652253_n (1).jpg
728685478_2259865414842189_2410729365511024237_n (1).jpg
728893333_1681238879595161_4080931305146000169_n.jpg
730491375_995738693270020_6546795160198261915_n.jpg
728685478_2259865414842189_2410729365511024237_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 23.06.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-июнда Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жумгал районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн абалы жана динамикасы менен таанышты.

Райондун акими Жаныбек Исаков мамлекет башчысына акыркы жылдардагы инфраструктуралык жана инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышынын жүрүшү тууралуу маалымат берип, районду өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын белгиледи.

Белгиленгендей, 2021–2025-жылдары курулуш тармагында баасы 1 млрд 43 млн сомдон ашык болгон 24 объект ишке киргизилген. Алардын катарында 7 мектеп, 3 спорт залы, 2 бала бакча, 5 административдик объект жана 7 өндүрүштүк ишкана бар. Каржылоо республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин, Өнүктүрүү фондунун, ошондой эле инвесторлордун жана өнөктөштөрдүн каражаттарынын эсебинен жүргүзүлдү.

Жол тармагында көрсөтүлгөн мезгил ичинде 428,4 млн сомдук иштер аткарылды. Ага ылайык, 35,7 чакырым жол асфальтталып, 89 чакырым жолго шагыл төшөлдү, ошондой эле жалпы аянты 133 миң чарчы метрден ашык жол бетинде оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү.

Ирригация тармагында олуттуу жыйынтыктар жетишилди. 2021–2025-жылдары 1 млрд 18 млн сомдон ашык суммага долбоорлор ишке ашырылып, тармакты каржылоонун көлөмү дээрлик 94 эсеге өстү. 2022-жылы башталган 836,3 млн сомдук Түгөл-Сай суу сактагычына курулушу уланууда. Объектти пайдаланууга берүү 2026-жылга пландалууда.

Калкты таза ичүүчү суу менен камсыздоо жаатында акыркы беш жылда 379,9 млн сомдук иштер аткарылып, каржылоо 11,5 эсеге көбөйдү. 2026-жылы райондун 7 калктуу конушунда жалпы наркы 595,6 млн сом болгон суу менен камсыздоо системаларын ишке киргизүү пландалууда.

Ошондой эле учурда райондун аймагында 21 объект курулуп жатканы белгиленди. 2026-жылдын аягына чейин административдик имараттарды, социалдык инфраструктура объектилерин, алты чакан футбол аянтчасын жана заманбап спорт комплексин камтыган 16 объектти бүткөрүп, пайдаланууга берүү мерчемделүүдө.

Кошумча иштөөнү талап кылган маселелерге өзгөчө көңүл бурулду. Тактап айтканда, райондо мамлекеттик ипотекалык турак жай куруу зарылчылыгы сакталууда — болжол менен 4 350 тургундун турак жай шарттарын жакшыртууга муктаждыгы бар. Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн Чаек айылында аянты 2 гектар жер тилкеси каралган.

Мындан тышкары Чаек айылында борборлоштурулган саркынды суу системасын жана тазалоочу курулуштарды куруу, маданий-массалык иш-чараларды өткөрүү үчүн райондук аянтчаны түзүү, ошондой эле Жумгал районунун туристтик потенциалын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашыруу келечеги талкууланды.

Президент Садыр Жапаров аймакты мындан ары комплекстүү өнүктүрүүнүн, калктын жашоо сапатын жогорулатуунун жана белгиленген инфраструктуралык долбоорлорду натыйжалуу ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.