Садыр Жапаров Жумгал районунун тургундарынын суроолоруна жооп берди

Президент 510 23 Июнь 2026 15:00
730459208_27633346929621972_683435006132945155_n.jpg
730530300_1575331447256947_6856070461239854102_n.jpg
729518212_1503161498158466_2390714697486623225_n.jpg
727519516_1983028909063991_563678629438913166_n.jpg
729480418_1516823699988173_2537971787423584430_n.jpg
730584880_1049257637780187_3454634128558915622_n.jpg
729047640_1542239277437721_2957779247436244328_n.jpg
729058064_1488737706389065_1904302827509002250_n.jpg
730732301_1329185942065137_5702085142150675027_n.jpg
729350001_1028388769702491_760169179693323458_n.jpg
730511048_1005962988831847_2821179745092574008_n.jpg
729375843_1783380932650146_7099416101736945135_n.jpg
729522993_1450462670099946_1563550135897014137_n.jpg
729220097_1582900896788766_1379590992640009660_n.jpg
730695113_2301353177069422_8029201003970280197_n.jpg
729920197_2109418852969277_67399528085425320_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 23.06.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-июнда Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жумгал районунун активи жана тургундары менен жолугушту.

Иш-чара ачык суроо-жооп форматында өттү.

Калк менен диалогдун жүрүшүндө социалдык-экономикалык жана инфраструктуралык мүнөздөгү актуалдуу маселелер, анын ичинде калкты турак жай куруу үчүн жер участоктору менен камсыз кылуу, таза жана сугат суу менен камсыздоо, спорттук объектилерди куруу, социалдык инфраструктураны модернизациялоо, ошондой эле жарандарды социалдык колдоо маселелери көтөрүлдү.

Тургундар ошондой эле жер тилкелерин трансформациялоо, таза суу менен камсыздоо, заманбап автобекеттерди жана автобус аялдамаларын куруу, коммуналдык инфраструктура объекттерин реконструкциялоо, айрым ишканалардын кызматкерлерине эмгек акыны өз убагында төлөө, ошондой эле турак жай, жер пайдалануу жана сот чечимдери боюнча кайрылууларды кароо менен байланышкан көйгөйлөрдү айтышты.

Мамлекет башчысы тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына ар бир кайрылууну кылдат карап чыгып, зарыл чараларды көрүп, көтөрүлгөн маселелерди белгиленген мөөнөттө чечүүнү камсыз кылуу тапшырмасын берди.

Анын ичинде президент өлкөнүн бардык аймактарында мамлекет көп кабаттуу турак жайларды куруу боюнча долбоорлорду ырааттуу ишке ашырып жатканын белгиледи. Ушуга байланыштуу ал Жумгал районунда жарандарды турак жай менен камсыз кылуу максатында айрым жер тилкелерин трансформациялоо жана көп батирлүү үйлөрдү куруу маселелери иштелип чыгаарын баса белгиледи.

Садыр Жапаров суу менен камсыздоо жана ирригация маселелерине токтолуп, республикада суткалык жана декадалык жөнгө салуучу бассейндерди (СЖБ жана ДЖБ) куруу боюнча масштабдуу иштер жүрүп жатканын айтты. Бул долбоорлорду ишке ашыруу 2030-жылга чейин калкты жана айыл чарбасын суу ресурстары менен камсыздоону кыйла жакшыртууга мүмкүндүк берет.

Социалдык жана спорттук инфраструктураны өнүктүрүү маселесине өзүнчө көңүл бурулду. Президент өлкө аймактарында жакынкы жылдары спорт залдарынын жана башка социалдык багыттагы объектилердин курулушу улана турганын билдирди. Ошондой эле заманбап автобекеттин курулушу жана райондун транспорттук инфраструктурасын жакшыртуу маселелери каралды.

Жолугушууда жарандардын айрым топторун социалдык колдоо маселелери да көтөрүлдү. Мамлекет башчысы турак жай менен камсыз кылуу, социалдык камсыздоо жана башка турмуштук кырдаалдарга байланыштуу бир катар кайрылуулар боюнча мамлекеттик органдарга тиешелүү тапшырмаларды берди.

Мындан тышкары, жер талаштарына, айрым чарбалык субъекттердин ишмердүүлүгүнө, мыйзам бузуулар болушу мүмкүн болгон учурларга, ошондой эле кээ бир кылмыш иштерин тергөөгө байланыштуу кайрылуулар боюнча укук коргоо жана сот органдарына материалдарды калыс жана ар тараптуу кароо тапшырылды.

Жолугушуунун соңунда мамлекет башчысы айтылган бардык маселелер көзөмөлдө болорун белгилеп, райондун тургундарын ар бир кайрылуу боюнча колдонуудагы мыйзамдардын чегинде тийиштүү чечимдер кабыл алынарына ишендирди.