Садыр Жапаров жаштарга келечектүү кесипти сунуштады

Коом 118 14 Август 2026 17:00
719150201_3866981053445065_8730723284399785981_n.jpg
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 14.08.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров журналист Али Токтакуновго маек куруп, Кыргызстанда жакынкы жылдары туризм тармагындагы адистерге болгон суроо-талап өсөрүн билдирди.

Өлкө башчысынын пикиринде, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу жана өлкөнүн транзиттик мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейиши туризмди өнүктүрүүгө да түрткү берет.

"Мурда экономист, юристтер көп болсо, мындан ары туризм тармагына ыкташыбыз керек. Жаштар туризм тармагына окуп, конокторду тосуп алуу, аларга кызмат көрсөтүүнү өздөштүрүшү керек", - деди Жапаров.

Мамлекет башчысы Кыргызстанда жаңы мейманканалар жана туристтик объектилер курулса, аларда иштей турган квалификациялуу кадрларга муктаждык жараларын белгиледи.

Жапаров туризм тармагына басым жасоо Кыргызстан үчүн келечектеги экономикалык багыттардын бири болорун белгиледи.