Садыр Жапаров Өзбекстандын премьер-министрин кабыл алды

Президент 625 22 Июнь 2026 18:00
728469362_995124980113043_7407640627625355570_n (1).jpg
729220099_2615619255539094_4679952951393189721_n.jpg
729390061_1495197398404361_8573508422237762927_n.jpg
728627524_1557184722658534_8228265230244110521_n.jpg
Алдыга
Артка
728469362_995124980113043_7407640627625355570_n (1).jpg
729220099_2615619255539094_4679952951393189721_n.jpg
729390061_1495197398404361_8573508422237762927_n.jpg
728627524_1557184722658534_8228265230244110521_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 22.06.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-июнда Чолпон-Ата шаарында Өзбекстан премьер-министри Абдулла Ариповду кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий жана экономикалык өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл буруп, эки тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча кеңири пикир алмашышты.

Мамлекет башчысы эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн туруктуу өнүгүп жатканын баса белгилеп, эртең өтө турган Өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйыны эки тараптуу кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын мындан ары илгерилетүүдө маанилүү кадам болоруна ишеним билдирди.

Өз кезегинде Абдулла Арипов мамлекет башчысына жылуу кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирип, Шавкат Мирзиёевдин саламын жана эң жакшы каалоолорун жеткирди.

Өзбекстандын премьер-министри эки өлкөнүн лидерлеринин ортосунда жетишилген жогорку деңгээлдеги макулдашууларды иш жүзүнө ашыруу үчүн зарыл болгон аракеттерди көрүүгө даярдыгын билдирди.

Жолугушуунун соңунда президент Садыр Жапаров жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов эки өлкөнүн элинин бакубаттуулугу жана Борбор Азиянын туруктуу өнүгүүсү үчүн достук, ынак коңшулук жана стратегиялык өнөктөштүк духунда кыргыз-өзбек мамилелерин биргелешкен аракеттер менен ырааттуу бекемдөөгө мындан ары да даяр экендигин ырасташты.