Садыр Жапаров X соцтармагындагы баракчасын жеке өзү колдонот

Коом Загрузка... 07 Апрель 2025 15:38
5a8e90a4dc6d1192cc9.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 07.04.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров X (Twitter) социалдык тармагындагы баракчасын өзү колдонот, - деп жазды өлкө башчысынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Фейзбуктагы баракчасына.

Анын маалыматына караганда, мамлекет башчысынын X тармагындагы аккаунту тууралуу "Фейк эмеспи" деген көптөгөн суроолор түшүүдө.

"Сиздерге маалымат үчүн билдирип коёлу, президент Садыр Жапаров чын эле X (Twitter’де) расмий баракча ачып, аны жеке өзү колдонуп жатат.

Twitter — коомчулук жана эл аралык коомчулук менен ыкчам, ачык жана түз байланышуу үчүн эң эффективдүү платформалардын бири болуп эсептелет.

Учурдан пайдаланып, урматтуу ЖМК өкүлдөрүн жана соцтармак колдонуучуларын расмий аккаунтка жазылууга чакырам: https://x.com/sadyrzhaparovkg", - деп жазды ал.