Садыр Жапаров: Тышкы карыз ИДПнын 39 пайызын түзөт

Президент Загрузка... 21 Июль 2026 12:35
photo_53236467_Js4Rkjl.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 21.07.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу коомдо кызуу талкууланып жаткан жер маселеси, тышкы карыз, темир жол курулушу, туризм жана энергетика боюнча билдирүү жасады.

Анда мамлекет башчысы ар бир өлкөнүн тышкы карызы ички дүң продукцияга (ИДП) карата өлчөнөрүн эске салып, акыркы жылдардагы олуттуу өзгөрүүлөрдү белгиледи.

"Эгер 2020-жылга чейин биздин тышкы карызыбыз ИДПнын 120 пайызын түзүп келген болсо, бүгүнкү күндө жалпы карызыбыз ИДПнын 39 пайызын түзөт. Бул санды келечекте эң көп болсо 50 пайыздан ашырбашыбыз керек деген тапшырманы өкмөттүн алдына койгом", - деди президент.

Садыр Жапаровдун айтымында, учурда сырттан алынган ар бир карыз мурдагыдай "кумга сиңген суудай" дайын-дарексиз коротулбайт. Бардык каражаттар 100 пайыз көзөмөлгө алынып, келечекте өз карызын өзү жаба турган, өлкөгө пайда алып келген конкреттүү долбоорлорго гана жумшалууда.

"Көп эле өлкөлөр ИДПсынын өлчөмүнөн 100 пайыздан ашып кетишкен. Бирок биз аларды үлгү кылбашыбыз керек", - деди мамлекет башчысы.