Садыр Жапаров Түркия парламентинин депутаты Күршад Зорлуну кабыл алды

Президент Загрузка... 19 Июнь 2026 01:20
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 19.06.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров 18-июнда Чолпон-Ата шаарында Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты, Адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясынын төрагасынын орун басары, Түрк мамлекеттер менен байланыштар боюнча башкармалыгынын башчысы Күршад Зорлуну кабыл алды.

Кыргыз-түрк стратегиялык өнөктөштүгүнүн актуалдуу маселелери, парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү, ошондой эле саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташтыкты тереңдетүү келечеги талкууланды.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан Түркия менен ишенимдүү өнөктөштүктү бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурарын жана достук жана боордоштуктун негизинде түзүлгөн мамлекеттер аралык мамилелерибизди жогору баалай турганын баса белгиледи.

Мамлекет башчысы Жогорку Кеңеш менен Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын ортосундагы мамилелер ырааттуу түрдө өнүгүп жатканын айтты.

Өз кезегинде Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты Куршад Зорлу жылуу кабыл алганы үчүн президент Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирип, президент Режеп Тайып Эрдогандын саламын жеткирди. Ал көп жылдардан бери Кыргызстандын өнүгүүсүн кылдаттык менен көзөмөлдөп келе жатканын жана кыргыз-түрк мамилелеринин бекемделишин канааттануу менен байкап жатканын айтты.

Күршад Зорлу акыркы жылдары боордош эки өлкөнүн кызматташтыгы толук кандуу стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине жеткенин, бул ар кандай тармактарда өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачкандыгын баса белгиледи.

Ал соода-экономикалык байланыштардын оң динамикасын белгилеп, эки мамлекеттин жетекчилигинин биргелешкен аракеттеринин аркасында учурда болжол менен 1,6 млрд АКШ долларына жеткен өз ара сооданын көлөмү келечекте 5 млрд долларга чейин көбөйүшү мүмкүн экендигине ишеним билдирди.

Ошондой эле ал Кыргызстанды 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы менен куттуктады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-түрк стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары тереңдетүүгө жана өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча кызматташтыкты кеңейтүүгө болгон өз ара кызыкдарлыгын тастыкташты.