Садыр Жапаров ТМУ башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды

Президент 610 23 Июль 2026 13:10
753668453_1349512790142658_8742627326993057454_n.jpg
752924470_27567126792939151_2012898159407144427_n.jpg
753418419_1995872087730613_7952935394488380248_n.jpg
752189449_2182982532262136_5685785598130397085_n.jpg
Алдыга
Артка
753668453_1349512790142658_8742627326993057454_n.jpg
752924470_27567126792939151_2012898159407144427_n.jpg
753418419_1995872087730613_7952935394488380248_n.jpg
752189449_2182982532262136_5685785598130397085_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 23.07.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-июлда Чолпон-Ата шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды.

Мамлекет башчысы ТМУга мүчө өлкөлөрдүн өз ара аракеттенүүсү ырааттуу өнүгүп жатканын белгилеп, буга чейин жетишилген макулдашууларды өз убагында жана сапаттуу аткаруунун маанилүүлүгүнө көңүл бурду.

Президент Садыр Жапаров экономикалык кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүнүн, транспорттук жана башка инфраструктураны өнүктүрүүнүн, ошондой эле биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун зарылдыгын белгиледи. Ушуга байланыштуу ал Түрк инвестициялык фондунун мүчө мамлекеттердин артыкчылыктуу демилгелерин илгерилетүүнүн натыйжалуу механизмдеринин бири катары өзгөчө ролун белгилеп, кыргыз тарап анын мүмкүнчүлүктөрүн активдүү пайдаланууга кызыкдар экенин баса көрсөттү.

Президент ошондой эле уюм мындан ары да маданий-гуманитардык жана социалдык-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө артыкчылыктуу көңүл буруусу керектигин белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү, буга чейин жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу, ошондой эле ТМУнун ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.