Тарыхый жеңиштердин каармандары: Дипломаттар жана авиаторлор сыйланды

Президент 489 23 Июнь 2026 09:45
727602972_2298397147230735_1126392617900778196_n (1).jpg
725742728_1028923496154993_3681058956176811739_n (1).jpg
727558307_2041076233960542_504337873268942264_n.jpg
728570136_1020161477161183_5068319462416789948_n.jpg
729964762_1534005145062195_8870955406671484583_n.jpg
729500174_3543686295790572_4037960614806827507_n.jpg
729437926_1545971026457581_1943947462472688975_n.jpg
728745157_2085048015762486_6602939249129659668_n.jpg
730049665_1741546720348969_7517209140986746152_n.jpg
730049668_1532023641638106_8395909602493809529_n.jpg
728637835_1740940217326621_6125322701134368269_n.jpg
729058267_1308357927757746_3531201313447769115_n.jpg
729939835_1319709320327603_8317324426023717983_n.jpg
729754328_3096315947219118_8426085827314653216_n.jpg
727814671_1722898782391679_2855039452565526349_n.jpg
728570137_1316385670109647_3861224024957697639_n.jpg
730171888_1551194039746017_2288924656682008930_n.jpg
728255178_2063671030891791_4472369798272756595_n.jpg
727276643_1014553484687043_7930619635364087426_n.jpg
728226235_1513720979957872_4773123538259701755_n.jpg
728893331_2112655852794782_6547752188009852889_n.jpg
730516030_2107833206460482_5340767258057369936_n.jpg
728294004_2184844655645071_4602831153786496847_n.jpg
726391687_1774899827009269_966609478038659706_n.jpg
729616406_2427700414307936_3848150381921703316_n.jpg
729480424_1068754009147597_5373486738490818922_n.jpg
728570185_1332138974953825_2423002509905583502_n.jpg
729953710_1741186463573892_6800854128233737373_n.jpg
Алдыга
Артка
727602972_2298397147230735_1126392617900778196_n (1).jpg
725742728_1028923496154993_3681058956176811739_n (1).jpg
727558307_2041076233960542_504337873268942264_n.jpg
728570136_1020161477161183_5068319462416789948_n.jpg
729964762_1534005145062195_8870955406671484583_n.jpg
729500174_3543686295790572_4037960614806827507_n.jpg
729437926_1545971026457581_1943947462472688975_n.jpg
728745157_2085048015762486_6602939249129659668_n.jpg
730049665_1741546720348969_7517209140986746152_n.jpg
730049668_1532023641638106_8395909602493809529_n.jpg
728637835_1740940217326621_6125322701134368269_n.jpg
729058267_1308357927757746_3531201313447769115_n.jpg
729939835_1319709320327603_8317324426023717983_n.jpg
729754328_3096315947219118_8426085827314653216_n.jpg
727814671_1722898782391679_2855039452565526349_n.jpg
728570137_1316385670109647_3861224024957697639_n.jpg
730171888_1551194039746017_2288924656682008930_n.jpg
728255178_2063671030891791_4472369798272756595_n.jpg
727276643_1014553484687043_7930619635364087426_n.jpg
728226235_1513720979957872_4773123538259701755_n.jpg
728893331_2112655852794782_6547752188009852889_n.jpg
730516030_2107833206460482_5340767258057369936_n.jpg
728294004_2184844655645071_4602831153786496847_n.jpg
726391687_1774899827009269_966609478038659706_n.jpg
729616406_2427700414307936_3848150381921703316_n.jpg
729480424_1068754009147597_5373486738490818922_n.jpg
728570185_1332138974953825_2423002509905583502_n.jpg
729953710_1741186463573892_6800854128233737373_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 23.06.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров 22-июнда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземине катышты.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын эл аралык аренадагы позициясын бекемдөөгө олуттуу салым кошкон дипломаттарды жана авиаторлорду сыйлады.

Президент иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө Кыргыз Республикасы өзүнүн эгемендик тарыхындагы таасирдүү дипломатиялык жеңиштерди камсыздап, эл аралык коомчулуктун кызыгуусун арттырган тарыхый окуяны жаратканын баса белгиледи.

Маалым болгондой, 2026-жылдын 3-июнунда Нью-Йоркто өткөн шайлоодо Кыргызстан биринчи жолу 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланды. Ага удаа эле 20 жылдык чектөөдөн кийин Кыргызстан Европа биримдигинин авиациялык коопсуздук боюнча тизмесинен, башкача айтканда, ЕБ “кара тизмесинен” расмий түрдө чыгарылды.

Садыр Жапаров булар Кыргызстандын эл аралык майдандагы кадыр-баркын жаңы деңгээлге көтөргөн, өлкө келечегин өзгөртө турган бурулуштуу окуялар экенин белгиледи.

“Кыргызстандын шайланышы - дүйнөлүк коомчулуктун тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө жана БУУнун алдынкы органына шайлоодо баардык өлкөлөрдүн тең укуктуулугун камсыз кылууга болгон саясий эркинин далили болду. Бул биздин элчилерибиздин, башкы консулдарыбыздын, Тышкы иштер министрлигинин жана чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин ар бир кызматкерлеринин күнү-түнү талыкпай иштеген түйшүктүү эмгегинин натыйжасы экенин баса белгилеп айта кетейин”, - деди мамлекет башчысы.

Ошондой эле президент дагы бир маанилүү жетишкендик – Кыргызстан үчүн Европанын асман аймагынын ачылышына токтолду.

“Бул жетишкендик Кыргыз Республикасынын эл аралык авиациялык коомчулуктагы аброюн жогорулатуу менен бирге, өлкөнүн транспорттук байланыштарын кеңейтүүгө, жаңы авиакомпанияларды жана эл аралык каттамдарды тартууга, туристтик жана инвестициялык жагымдуулугун арттырууга, ошондой эле авиация тармагынын мындан аркы туруктуу өнүгүшүнө өбөлгө түзөт”, - деди мамлекет башчысы.

Ошентип, Садыр Жапаров Кыргызстан глобалдык саясаттын төрүнө жана Европанын асманына кадам таштаганын баса белгиледи.

“Бүгүн Кыргызстан дүйнөлүк коомчулукка коопсуз, убадасына бекем жана геосаясий аренада өз алдынча позициясы бар, ишенимдүү, жоопкерчиликтүү жана тең укуктуу өнөктөш катары таанылды”, - деп белгиледи президент.

Садыр Жапаров сөзүнүн соңунда бул эки тарыхый жетишкендик кыргыз дипломатиясынын, мамлекеттик башкаруу системасынын жана бүтүндөй Кыргызстан элинин биргелешкен эмгегинин үзүрү экенине өзгөчө токтолду.

Мамлекет башчысынын жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын 2027–2028-жылдарга Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышына кошкон олуттуу салымы, эл аралык аренада улуттук кызыкчылыктарды илгерилетүү боюнча натыйжалуу иши үчүн сыйланат:

III даражадагы "Манас" ордени менен:

  • Кулубаев Жээнбек Молдоканович – Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;

"Даңк" ордени менен:

  • Исаев Асеин Кусеинович – Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары;
  • Касымалиева Аида Камчыбековна – Нью-Йорк шаарындагы Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү;

"Ардак" медалы менен:

  • Лоу Мухамед Исырович – Кыргыз Республикасынын Эфиопия Федеративдик Демократиялык Республикасындагы элчилигинин кеӊешчиси;
  • Тултемиров Адылбек Жыргалбекович – Кыргыз Республикасынын Эфиопия Федеративдик Демократиялык Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси;
  • Утебаев Медер Шамшибекович  – Нью-Йорк шаарындагы Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн кеңешчиси.

Ошондой эле Садыр Жапаровдун тескемесине ылайык,  президенттин атынан алкыш жарыяланат:

  • Аданов Рахман Бектурсуновичке            –             Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы элчилигинин кеңешчиси;
  • Азизова Айжан Жанышевнага              –             Нью-Йорк шаарындагы Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн биринчи катчысы;
  • Анарбаев Анвар Арслановичке               –             Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси;
  • Баетов Аяз Батыркуловичке      –             Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары статусундагы Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
  • Байгазиев Данияр Талантбековичке     –             Нью-Йорк шаарындагы Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн үчүнчү катчысы;
  • Дайирбеков Бейшен Усеновичке           –             Нью-Йорк шаарындагы Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн экинчи катчысы;
  • Исаков Эрмек Болотовичке       –             Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык уюмдар департаментинин директорунун орун басары – Бириккен Улуттар Уюмунун бөлүмүнүн башчысы;
  • Казакбаев Руслан Айтбаевичке               –             Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси;
  • Мүлкүбатов Календер Нурлановичке   –             Нью-Йорк шаарындагы Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн биринчи катчысы;
  • Ниязалиев Нуран Садыровичке              –             Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Үчүнчү саясий департаментинин директору;
  • Рыскулов Асхат Токтобековичке             –             Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы элчилигинин кеңешчиси;
  • Султанов Омар Абдыразаковичке          –             Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмундагы жана Женева шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү;
  • Тилебалиев Айбек Алмасбековичке      –             Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн эксперти;
  • Чотонова Турсунбүбү Дүйшөнкуловнага            –             Нью-Йорк шаарындагы Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмундагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн экинчи катчысы;
  • Шамшидов Куштарбек Осмоналиевичке           –             Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык уюмдар департаментинин эл аралык уюмдар бөлүмүнүн башчысы;
  • Турсункулов Канат Асанкановичке – Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин экинчи саясий департаментинин директору.

Мындан тышкары мамлекет башчысынын жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандык авиация чөйрөсүн өнүктүрүүгө, Кыргыз Республикасын Европа биримдигинин авиациялык коопсуздук тизмесинен чыгаруу боюнча маселени чечүүгө кошкон олуттуу салымы жана авиациялык коопсуздуктун эл аралык стандарттарын ийгиликтүү ишке ашыргандыгы үчүн сыйланат:

III даражадагы "Манас" ордени менен:

  • Бостонов Данияр Куватбекович – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору;
  • Самидинов Манасбек Самидинович – «Кыргызстан аэропорттору» ачык акционердик коомунун Башкармасынын төрагасы;

"Даңк" ордени менен:

  • Искендербекова Кундуз Искендербековна – Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн реалдуу секторунун башкы эксперти.

Ошону менен катар Кыргыз Республикасынын президентинин атынан алкыш жарыяланат:

  • Жапаров Талгат Эрмековичке               –             "Кыргызстан аэропорттору" ачык акционердик коомунун коопсуздук боюнча директору;
  • Жумалиев Бектур Алмазбековичке     –             Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
  • Мамбетов Алтынбек Мурадиловичке   –             "Кыргызстан аэропорттору" ачык акционердик коомунун инфраструктуралык жана аймактык өнүктүрүү боюнча директору;
  • Төлөгөнов Канат Төлөгөновичке             –             Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары.

Мындан тышкары, бир катар мамлекеттик кызматкерлерге дипломатиялык ранг ыйгарылды.

“Кыргыз Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси” дипломатиялык рангы:

  • Кадыралиев Азамат Сактанбековичке - Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын жетекчисинин орун басары — Кыргыз Республикасынын президентинин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги.

“Кыргыз Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу кичи элчиси” дипломатиялык рангы:

  • Усубалиев Нурсултан Талайбековичке – Кыргыз Республикасынын президентинин жардамчысы.
  • Алмазбеков Даврон Асхатовичке – Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын протоколдук кызматтын жетекчиси;
  • Кожобекова Жылдыз Эмилбековнага – Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин укуктук департаментинин директору;
  • Жумакадыр уулу Сейтекке – Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин консулдук департаментинин директору;
  • Мамадалиев Мэлис Суеркуловичке – Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык уюмдар жана коопсуздук департаментинин директору;
  • Кустебаев Чыңгыз Сулаймановичке – Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин кадр саясаты бөлүмүнүн башчысы;
  • Өмүркулова Айдай Муктарбековнага – Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилигинин кеңешчи-кичи элчиси.