"Тамчы" инвестициялык аймагынын ачылышы: 10 миңден ашык иш орду түзүлөт

Экономика Загрузка... 03 Июль 2026 15:35
DE6F90BC-77BF-4559-.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар

Бишкек, 03.07.26. /Кабар/. Бүгүн Ысык-Көлдө президент Садыр Жапаровдун катышуусунда "Тамчы" атайын финансылык-инвестициялык аймагынын ачылыш аземи өтөт.

Анын аймагында башкаруучу компаниянын кеңселери жайгашат. Белгилей кетсек, жалпы аянты 3 850 чарчы метрди түзгөн бизнес-борбор заманбап кеңсе бөлмөлөрүн, коворкинг аймактарын, көп тармактуу конференция залдарын жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүчү бөлмөлөрдү камтыйт.

"Тамчы" атайын финансылык-инвестициялык аймагы – бул бизнес, капитал жана инновациялар өнүгүү үчүн зарыл болгон бардык шарттарды, ачык-айкын жана алдын ала болжолдоого мүмкүн болгон укуктук чөйрөнү, инвестицияларды коргоонун эл аралык стандарттарын, чечимдерди кабыл алуунун жогорку ылдамдыгын жана узак мөөнөттүү салыктык жеңилдиктерди ала турган жаңы эл аралык юрисдикция", – деп белгилешти уюштуруучулар.

Эске салсак, "Тамчы" атайын финансылык-инвестициялык аймагы Ысык-Көлдүн жээгиндеги болжол менен 6 миң гектар аянтка түзүлгөн. Анын резиденттери үчүн англис жалпы укугунун нормалары боюнча иштөө, 49 жылдык мөөнөткө нөлдүк салык ставкасы жана пайданы 100 пайыз репатриациялоо укугу каралган. 2035-жылга чейин бул аймакта 3 900дөн ашык компанияны жайгаштыруу жана 10 000ден ашык жумуш ордун түзүү пландалууда.