Садыр Жапаров ШКУ өлкөлөрүнүн ЖМК жана аналитикалык борборлорунун саммитинин катышуучуларына кайрылуу жолдоду

Коом Загрузка... 25 Июль 2025 13:44
WhatsApp Image 2025-07-25 at 10.27.32 (1).jpeg

Бишкек, 25.07.25. /Кабар/. Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынын алдында Чжэнчжоуда (Кытай, Хэнань провинциясы) ШКУ мамлекеттеринин ЖМК жана аналитикалык борборлорунун саммити өтүүдө. Анда ШКУ катчылыгындагы Кыргызстандын туруктуу өкүлү Рахман Аданов бул саммит жалпы кызыкчылыктары менен байланышкан мамлекеттердин алдыңкы медиа структураларын жана изилдөө борборлорун бириктирип турарын белгиледи. Ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттары жана аналитикалык борбор өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты, шанхай духун чагылдырган идеяны алдыга жылдырууда маанилүү ролду ойной турганын айтты.

Мындан тышкары, ал саммиттин катышуучуларына президент Садыр Жапаровдун кайрылуусун окуп берди.

“Урматтуу саммиттин катышуучулары! ШКУ мамлекеттеринин ЖМК жана аналитикалык борборлорунун саммитинин катышуучуларына, конокторуна, салам жолдоп жатканыма кубанычтамын. Ошондой эле уюштуруучуларга меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирем. Уюштуруучуларга, Кытай Эл Республикасынын пресс канцеляриясына, “Синьхуа” агенттигине, Кытайдын коомдук илимдер академиясына жана Хэнань провинциясынын өкмөтүнө саммитти жогорку деңгээлде өткөрүп жатканына, регионалдык жана глобалдык күн тартибиндеги маселелерге көңүл бурганына чын жүрөктөн терең ыраазычылык билдирем.

Бүгүн дүйнө геосаясий туруксуздукка, климаттын өзгөрүшүнө, маалыматтык коркунучтарга жана азык-түлүк, энергетикалык кризистерге кабылууда. Бул жактан алганда туруктуу жана регионалдык структура катары ШКУнун ролу абдан маанилүү болуп жатат. Уюм өзүн саясий диалогго, экономикалык кызматташууга жана гуманитардык байланышка аянтча катары өзүн көрсөтө алды. Кыргызстан 2025-2026-жылдар аралыгында ШКУга төрагалык кылуу учурунда маалыматтык аналитикалык өз ара байланышка өзгөчө көңүл бурат. ЖМК жана аналитикалык борборлор ишенимди бекемдөөдө жана ШКУнун идеяларын чагылдырууда маанилүү роль ойнойт деп ишенебиз. Медиа жана эксперттер мамлекеттер ортосундагы көпүрө болуп саналат”, - деп баса белгилеген президент өз кайрылуусунда.

Белгилей кетсек, саммитке ШКУ диалогу боюнча байкоочу мамлекеттердин жана өнөктөштөрдүн, мүчө мамлекеттердин ЖМК өкүлдөрү, саясат таануучулар жана эксперттер катышууда. Ага Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигинин директору Медербек Шерметалиев да катышууда.

Иш-чаранын алкагында пленардык жыйындар, эксперттик форумдар, дискуссиялык аянтчалар жана башка тематикалык талкуулар каралган.