Садыр Жапаров ШКУ өлкөлөрүнүн коргоо министрлерин кабыл алды

Президент 1753 28 Апрель 2026 12:42
683344738_1540276414773654_4629316867193033347_n.jpg
683645048_1540276278107001_2223944758786268907_n.jpg
684129204_1540276264773669_5865737475127604876_n (1).jpg
683308445_1540276431440319_5565939751978739487_n.jpg
683877472_1540276368106992_3556910743254974138_n.jpg
683605483_1540276348106994_7095045367306779095_n.jpg
682940018_1540276324773663_7538571839822843619_n.jpg
681397385_1540276244773671_781545422665219570_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 28.04.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-апрелде Коргоо министрлеринин кеңешмесине катышуу үчүн келген Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин коргоо ведомстволорунун жетекчилерин кабыл алды.

Мамлекет башчысы Кыргызстан ШКУнун учурдагы төрагасы катары коргоо тармагындагы практикалык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө, анын ичинде биргелешкен машыгууларды өткөрүүгө, тажрыйба алмашууга жана коргоо ведомстволорунун ортосундагы координацияны бекемдөөгө өзгөчө маани берерин белгиледи.

Садыр Жапаров Коргоо министрлеринин кеңешмесинин алкагында жетишилген макулдашуулар ШКУ мейкиндигинде коргоо кызматташтыгын жана жалпы коопсуздукту мындан ары бекемдөөгө өбөлгө түзөт деген ишенимин билдирди.