Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевди алдыда боло турчу иш-чараларга чакырды

Президент 30 июль 2026 19:30
Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевди алдыда боло турчу иш-чараларга чакырды

Бишкек, 30.07.26 /Кабар/. Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевди алдыда боло турчу маанилүү эл аралык иш-чараларга чакырды. Бул тууралуу өлкө башчысы Чолпон-Ата шаарындагы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча ЖМКларга билдирүү жасап жатып билдирди.

“Шавкат Миромоновичти быйыл өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине, Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине, ошондой эле 2027-жылы өтө турган "Бишкек+25" экинчи Тоо саммитине катышууга чакырдым”, - деди Жапаров.