Бишкек, 24.07.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-июлда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёевди 69 жашка толушу менен куттуктап, ага бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык, түгөнгүс күч-кубат жана мамлекеттик ишмердүүлүгүндө жаңы ийгиликтерди каалады. Садыр Жапаров өзбек элинин бакубаттуулугун жогорулатууга өбөлгө түзгөн Шавкат Мирзиёевдин жетекчилиги алдында Өзбекстанда жүргүзүлүп жаткан олуттуу социалдык-экономикалык реформаларды белгиледи. Садыр Жапаров эки тараптуу демилгелерди жеке колдоосу үчүн Шавкат Мирзиёевге ыраазычылык билдирип, анын Борбор Азиядагы аймактык кызматташтыкты чыңдоодогу маанилүү ролун баса белгиледи.
Мамлекет башчысы 21-июлда Бишкек шаарында “Жаңы Өзбекстан: Шавкат Мирзиёевдин жолу” аттуу китептин кыргыз тилиндеги басылышынын бет ачары ийгиликтүү өткөнүн айтты. Ага эки өлкөнүн мамлекеттик жана коомдук ишмерлери, чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын өкүлдөрү, ошондой эле Кыргызстандагы өзбек диаспорасы катышкан.
Шавкат Мирзиёев жылуу куттуктоолор жана Өзбекстанда жүргүзүлүп жаткан өзгөртүүлөргө берилген жогору баа үчүн терең ыраазычылыгын билдирди. Өзбекстандын президенти эки өлкөнүн ортосундагы боордоштук жана ынак коңшулук мамилелер ар тараптуу өнөктөштүктү мындан ары да бекемдөө үчүн маанилүү негиз болуп саналарын айтты.
Тараптар эки мамлекеттин элдеринин жыргалчылыгы үчүн жаңы долбоорлор жана демилгелер менен толукталып жаткан кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүнүн динамикалуу өнүгүүсүн канааттануу менен белгилешти.