Бишкек, 17.12.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Жогорку Кеңештин жаңы шайланган депутаттарынын ант берүү аземине катышты.
Өлкө башчысы өз сөзүндө парламенттик башкаруу системасындагы оош-кыйыштарга токтолду.
Анын айтымында, 2010-жылы өлкөдө парламенттик башкаруу системасы орногон. Бул система орногондо тажрыйбанын жоктугунанбы, же жеке кызыкчылыктар үчүн мүмкүнчүлүктөргө жол ачылдыбы, айтор саясий коррупциянын арааны ачылды.
"Партиянын тизмесиндеги биринчи ондуктардын ар бири миллион долларга чейин сатылган учурлар болду. Мына ошол учурда 2010-жылы “Ата-Журт” партиясын жетектөө менен экинчи жолу депутат болуп шайланып келдим. Мыйзам чыгаруу органынын ичинде кайнап, толгон-токой башаламандыкка, саясий коррупцияларга өз көзүм менен күбө болдум. Ошол кездеги Жогорку Кеңешке өткөн партиялар бири-бири менен соодалашып, өлкөнү үч партия үчкө бөлүп кетти. Анткени, Баш мыйзам ушундай түзүлүп калган эле, кызмат орундары соодалашуунун предметине айланган. Биздин партияга чуркаган деген түркөй принцип менен диплому жок партиялык тарапташтар ар кайсы мекемелерге жетекчи, аким, мэрликке дайындалды. Кадр таптап өстүрүү дегенге таптакыр маани берилбей, кадыр саясаты мурдагыдан дагы болуп көрбөгөндөй кризиске кептелди. Кызматтар кызылдай акчаларга сатылып, чыныгы кесипкөй, иш билги, мекенчил адамдардын келечегине балта чабылды. Муну эч качан жашыра албайбыз, анткени бул ачуу чындык. Саясий коррупция айылдык деңгээлге чейин түшүп кетти. Министрлер премьер-министр баш болуп президентке эмес, Жогорку Кеңештеги фракцияларга баш ийип калган. Ар бир депутат өкмөттүн үстүнөн өзүнчө президент болуп калышкан. Себеби, өкмөт менен министрлерди депутаттар кызматка коет эле. Анан кантип мамлекеттин иши алдыга жылмак? Ошентип, өлкө 10 жыл бою фракциялардын кызыкчылыгындагы кызыл чеке, талаш-тартыш менен бир орундан жылбай турду десек болот”, - деди ал.
Президент белгилегендей, тилекке каршы мына ушундай коррупциялык система 2020-жылга чейин гүлдөп келди.
"Жыйынтыгында мамлекет чачырап кете жаздады. Партиялык системанын аброю түшүп, элдин жеке эле парламентке эмес, жалпы бийлик бутактарына ишеничи таптакыр жок калган", - деди ал.