Бишкек, 17.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-октябрда Ереван шаарында Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен бетме-бет форматта сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий диалогду чыңдоого, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл буруп, кыргыз-армян кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты.