Бишкек, 17.10.26. /Кабар/. Бүгүн, 17-октябрда Ереван шаарында Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Армения Республикасына болгон расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү жасады.
Мамлекет башчысы биринчи кезекте Арменияга расмий сапар менен келүүгө чакыруусу үчүн Армениянын премьер-министри Никол Пашинянга чын дилинен ыраазычылыгын билдирди.
"Кыргыз делегациясына көрсөткөн жылуу кабыл алууңузду жана меймандостугуңузду жогору баалайм.
Бул сапар Кыргыз Республикасынын мамлекет башчысынын Арменияга жасаган алгачкы расмий сапары катары тарыхый мааниге ээ.
Анын жыйынтыктары өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достук мамилелерди чыңдоого жана кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жаңы дем берет деп ишенем", - деп белгиледи Садыр Жапаров.