Бишкек, 23.03.25 /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 21–22-апрелинде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Бахрейн Падышалыгына расмий иш сапары менен барды. Бул сапар Бахрейн падышасы Хамад бин Иса Аль Халифанын чакыруусу менен ишке ашып, кыргыз-бахрейн мамилелеринин тарыхындагы биринчи расмий сапар болуп калды.
Билдирүүнүн тексттин өзгөртүүсүз беребиз:
Кеңири сүйлөшүүлөр ачык жана достук маанайда өтүп, анын жүрүшүндө Садыр Жапаров жана Хамад бин Иса Аль Халифа эки өлкөнүн ортосунда 1996-жылдын
9-февралында дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн бери калыптанып калган ишенимдүү мамилелердин өнүгүшүн канааттануу менен белгилешти.
Лидерлер саясий, экономикалык, транспорттук, жаштар-спорттук, билим берүү, инвестициялык, экологиялык, укуктук, маданий, саламаттык сактоо жана башка чөйрөсүндөгү кызматташууну өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп, кыргыз-бахрейн мамилелеринин аспекттерин жана перспективаларын талкуулашты. Коопсуздук, коргоо жана региондук өз ара байланыш, климаттын өзгөрүшү, ошондой эле эл аралык жана региондук күн тартиби маселелери боюнча пикир алмашуу болду.
Мамлекет башчылардын ортосунда жетишилген бардык макулдашууларды өз убагында жана сапаттуу ишке ашыруу биргелешкен өз ара аракеттенүүнү мындан ары да алга жылдырууга өбөлгө түзөрүн таанып, тең укуктуулуктун, өз ара урматтоонун жана достуктун негизинде мамлекеттер аралык диалогду андан ары өнүктүрүү максатында эки тарап тең өз ара пайдалуу кызматташууну андан ары тереңдетүүгө, ошондой эле тийиштүү эки тараптуу келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүгө даярдыгын кайрадан ырасташты.
Буга байланыштуу лидерлер төмөнкүлөрдү билдиришти:
- Лидерлер акыркы жылдары тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде өткөн эки тараптуу байланыштардын өнүгүшүн канааттануу менен белгилешти. Анын ичинде, кызматташуунун тарыхында 2022-жылы Кыргызстандын тышкы иштер министринин деңгээлинде Бахрейн Падышалыгына болгон расмий сапардын жыйынтыктары, анын жүрүшүндө эки тараптуу өз ара аракеттешүү маселелеринин кеңири чөйрөсү талкууланды.
- Эки лидер тең кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссияны түзүү, Манама – Бишкек – Манама багыты боюнча түз авиакаттамды ачуу, анын ичинде эки тараптуу келишимдик-укуктук базаны иштеп чыгуу боюнча да биргелешкен иштин башталышын кубатташты. Ошондой эле эки өлкөнүн жооптуу мамлекеттик органдары координацияланган чараларды ыкчам кабыл алып, жогорудагы келишимдерди тез арада ишке ашыруу мөөнөттөрүн аныкташаарына макул болушту.
- Мамлекет башчылар өз ара пайдалуу соода-экономикалык өнөктөштүктүн маанилүүлүгүн ырастап, азык-түлүк коопсуздугу жана айыл чарбасы, кайра жаралуучу энергетика, транспорттук-логистикалык чөйрө, курулуш, инвестиция, банктар аралык кызматташуунун жана эл аралык финансылык борборлордун алкагындагы өз ара аракеттенүү сыяктуу келечектүү багыттар боюнча кызматташуунун бул багытын мындан ары да улуттук кызыкчылыктарга ылайык өнүктүрүү ниетин билдиришти.
- Муну менен катар, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда жана Кыргызстанда айыл чарба продукциясын өстүрүү жана аны Булуңдагы араб өлкөлөрүнүн рынокторуна жеткирүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда өз ара аракеттенүүнүн мааниси өзгөчө баса белгиледи.
- Маданияттар аралык алмашууну тереңдетүү, ошондой эле туризм, спорт, билим берүү, илим, технология жана саламаттык сактоо чөйрөлөрүндөгү кызматташууну кеңейтүү элдерди жакындатуу, эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү тереңдетүү жана эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү үчүн маанилүү экендигин белгилеп, бул жааттагы кызматташууну бекемдөө жөнүндө макулдашты. Лидерлер, академиялык жана маданий алмашууларды өнүктүрүү максатында, эки өлкөнүн алдынкы университеттери менен билим берүү мекемелеринин ортосундагы байланышты чыңдоо жөнүндө макулдашты.
- Бул расмий сапардын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ырааттуу ишке ашыруу Кыргызстан менен Бахрейн Падышалыгынын ортосундагы бардык чөйрөлөрдө кызматташууну мындан ары бекемдөө үчүн бекем негиз түзөт деп баса белгилешти.
- Жалпы максаттарга жетүү үчүн ар кандай деңгээлдерде жана аянтчаларда үзгүлтүксүз диалог жүргүзүүнү колдогон өз ара позицияларын карап чыгышты жана эл аралык коопсуздук жана туруктуу өнүгүү маселелеринде, анын ичинде Ислам Кызматташтык Уюмунун алкагында Бириккен Улуттар Уюмунун ролун бекемдөөгө өзгөчө маани беришти. Ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун шайлануучу жана адистештирилген органдарында өз ара колдоо көрсөтүүнү макулдашты.
- БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө эки өлкөнүн талапкерлерин өз ара колдоону ырасташты жана 2027-жылы эки өлкө тең Коопсуздук Кеңешинде боло турган өз ара кызыкчылык туудурган маселелер боюнча кызматташууга үмүт артышты. Ошондой эле Хамад бин Иса Аль Халифа 28-январды Тынчтыкта жашоонун эл аралык күнү деп жарыялоо жөнүндө Бахрейн Падышалыгы тарабынан сунушталган резолюцияны кабыл алууну колдогон Кыргызстандын добушу үчүн ыраазычылык билдирди.
- Актуалдуу эл аралык жана региондук проблемаларга байланыштуу эки тарап тең бардык өлкөлөр тарабынан БУУнун уставын, эл аралык укукту, ынак коңшулук, мамлекеттердин аймактык бүтүндүгү жана эгемендүүлүгү, мамлекеттердин ички иштерине кийлигишпөө принциптерин сактоонун маанилүүлүгүн баса белгилешти. Алар эки өлкөнүн региондук жана эл аралык масштабда ишеним жана өз ара түшүнүшүү атмосферасын түзүүгө жана сактоого умтулуусун, ошондой эле эл аралык маселелерди дипломатиялык каражаттар аркылуу гана тынчтык жолу менен чечүүнүн зарылдыгын белгилешти.
- Саясий жөнгө салуулар жана дипломатиялык чечимдер, региондогу элдердин кызыкчылыктарын жана жетишкендиктерин сактоо максатында бардык чыр-чатактарды жана пикир келишпестиктерди токтотуу аркылуу Жакынкы Чыгышта адилеттүү жана бардыгын камтыган тынчтыкты орнотуунун, ошондой эле эки мамлекет жөнүндө чечимге, эл аралык укуктун жоболоруна жана Бириккен Улуттар Уюмунун уставына ылайык туруктуу жөнгө салуу аркылуу Палестина маселесин, бул палестина элинин укуктарын сактагандай, палестина-израиль чыр-чатагын токтоткондой жана региондо коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылгандай чечүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.
- Тоолуу райондорду өнүктүрүү жаатында эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган БУУнун Башкы Ассамблеясынын
77-сессиясында кабыл алынган Тоолорду туруктуу өнүктүрүү жөнүндө резолюцияны ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгилешип, 2027-жылы Кыргызстанда “Бишкек+25” Экинчи Дүйнөлүк тоо саммитинин өтүшүн кубатташты. - Кыргыз тарап Бахрейн Падышалыгы тарабынан жүргүзүлүп жаткан тышкы саясатты, ошондой эле региондук туруктуулукту, коопсуздукту камсыз кылуу жана чыңдоо, Жакынкы Чыгыш регионунда туруктуу социалдык-экономикалык өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча аракеттерин жана Бахрейн Падышалыгынан ар түрдүү диндердин, маданияттардын жана цивилизациялардын ортосундагы чыдамдуулук, бир мезгилде жашоо, адамдык бир туугандык баалуулуктарын бекемдөө боюнча күч-аракеттерин колдоорун билдирди.
- Кыргыз тарап бир мезгилде жашоо, ислам биримдиги баалуулуктарын жана мусулмандардын ортосунда элдерди бириктирүү, ошондой эле жалпы чакырыктардын алдында анын ар кандай компоненттеринин биримдигин жана тилектештигин чыңдоо үчүн зарыл болгон диалогду илгерилетүү максатында Бахрейндин падышасынын 2025-жылдын февралында Манамада Ички ислам диалогу боюнча конференцияны өткөрүү тууралуу кең пейил демилгесин жогору баалады.
- Терроризм, сепаратизм жана экстремизм сыяктуу үч коркунучка каршы күрөшүү чөйрөсүндө мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты жөнгө салуунун артыкчылыгын белгилешти, ошондой эле бул коркунучтарга глобалдык, аймактык жана улуттук деңгээлдерде натыйжалуу каршы күрөшүүнү камсыз кылуунун маанилүүлүгүн белгилешти. Лидерлер коопсуздукту камсыз кылуу боюнча тийиштүү компетенттүү органдар ортосунда байланыштарды түзүү жана өнүктүрүү аркылуу бул маселе боюнча алдынкы билим жана тажрыйба менен үзгүлтүксүз алмашууну макулдашты.
- Региондор аралык өз ара аракеттенүүнүн негизги аспектилери боюнча эки өлкөнүн мамилесинин окшоштугун белгилеп, ошондой эле Бахрейн Падышалыгынын жакында Шанхай Кызматташтык Уюмунда (ШКУ) «Диалог боюнча өнөктөш» статусуна ээ болгондугун эске алуу менен, тараптар бул уюмдун алкагында эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү чыңдоо үмүттөрүн билдиришти.
- “Булуңдагы араб мамлекеттери – Борбордук Азия кызматташтык кеңеши” форматында тыгыз ара аракеттенүүнү андан ары өнүктүрүүгө даяр экендигин ырасташты жана бул диалогдук аянтчанын алкагында ар түрдүү жаатта өз ара аракеттенүүнү чыңдоону макулдашты.
- Азияда өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмени (АӨИЧК) чакыруу, тилектештиктин, өз ара урматтоонун, бардык чакырыктарга акыл-эстүүлүк жана натыйжалуулук менен карыш аракеттенүү үчүн натыйжалуу өз ара аракеттенүүнүн жана биргелешкен аракеттердин негизинде өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтык жана биргелешкен координациялоо принциптерин чыңдоого өбөлгө түзөт деген ишенимин билдиришти.
- Эки өлкө тарабынан эл аралык жана региондук деңгээлдерде көтөрүлгөн эл аралык демилгелер тынчтыкты, туруктуу өнүгүүнү жана жалпы адамзаттык баалуулуктарды чыңдоого кызмат кыла турганын белгилешти.
- Президент Садыр Жапаров өзүн жана анын делегациясын жылуу кабыл алуу жана көрсөтүлгөн меймандостук үчүн ыраазычылык билдирип, Бахрейндин падышасы
- Хамад бин Иса Аль Халифаны Бишкекке өзүнө ылайыктуу убакытта расмий иш сапары менен келип кетүүгө чакырды. Чакыруу жылуу кабыл алынып жана сапардын даталары дипломатиялык каналдар аркылуу аныктала тургандыгы макулдашылды.
20. Жолугушуунун соңунда лидерлер бардык тармактарда эки өлкөнүн кызматташуусунун бардык мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу боюнча аракеттерди активдештирүүнү жана бир туугандык байланыштарды кеңейтүү үчүн зарыл чараларды көрүүнү макулдашты.
21. Кыргызстандын элинин атынан президент Садыр Жапаров Хамад бин Иса Аль Халифага эң жакшы каалоолорун билдирип, Бахрейн Падышалыгыны өкмөтүнө жана элине туруктуу өнүгүүнү жана гүлдөп-өсүүнү каалады.
Биргелешкен билдирүү 2025-жылдын 21-апрелинде Манама шаарында кыргыз, орус, араб жана англис тилдеринде кабыл алынды.