Бишкек, 17.12.25. /Кабар/. Өлкөнүн алтын валюта запасы үстүбүздөгү жылы 8, 5 млрд долларды түздү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жаңы шайланган депутаттарынын ант берүү аземинде билдирди.
Анын айтымында, 2020-жылы Кыргызстандын алтын валюта запасы болгону 2 млрд доллардан бир аз ашык болчу.
"Азыр сегиз жарым млрд доллар болду. Кыска убакыттын ичинде 6 миллиарддан ашык долларга көбөйтө алдык", - деди ал өз сөзүндө.