Бишкек, 24.09.29. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында Кыргызстандын тышкы саясатынын жана экономикалык позициясынын негизги багыттарын так көрсөттү. Бул тууралуу экономист Кубан Чороев “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, мамлекет башчысынын өзгөчө санкцияларга байланыштуу айтылган сөздөрү бул жөн гана саясий билдирүү эмес, экономикалык реалдуулуктун далили. Анткени санкциялар өлкөлөрдүн экономикалык өнүгүүсүнө тоскоолдук жаратып, өз кедергисин тийгизип жатат.
“Президенттин Кыргызстандын банктарына каршы киргизилген санкцияларды "жаңыдан бутуна туруп келе жаткан экономиканы төбөсүнөн ылдый басуу" деп баалоосу өтө орундуу. Чындыгында, экономикасы чакан жана тышкы факторлорго өтө сезимтал болгон өлкө үчүн банк системасына салынган санкциялар оор кесепеттерге алып келет. Бул эл аралык сооданы кыйындатып, инвестиция тартууну чектейт жана жалпы экономикалык өсүшкө терс таасирин тийгизет.

Россия менен болгон экономикалык байланыштардын маанилүүлүгүн президент абдан туура белгиледи. Кыргызстандын миңдеген жарандары Россияда эмгектенип, алардын мекенине которгон акчалары өлкөнүн экономикасы үчүн өтө маанилүү булак болуп саналат. Андыктан бул байланыштарды үзүү же чектөө — Кыргызстандын экономикасын кыйла начарлатып, социалдык маселелерди күчөтөт”, - дейт ал.
Ошондой эле Кубан Чороев Кыргызстан көп векторлуу саясаты жүргүзүп жаткан маалда дүйнөдө “кош стандарттар” да бар экени өкүндүрөрүн айтып өттү.
“Батыш өлкөлөрүнүн өздөрү Россия менен ири соода жүгүртүүсүн жүргүзүп, бирок Кыргызстандан Россия менен кызматташпоону талап кылып жатканы эл аралык мамилелердеги “кош стандарттарды” так көрсөтүп турат. Бул көрүнүш өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн өз кызыкчылыктарын коргоо өтө татаал маселе экенин айгинелейт.
Кыргызстан көп векторлуу саясатында башка өлкөлөр менен тирешүүгө барбастан, өз экономикалык кызыкчылыктарын коргоого умтулуп жатат. Англияга алтын сатуу мисалы — бул биздин көп тараптуу кызматташууга даяр экенибизди далилдейт”, - деди экономист.

Мындан тышкары Кубан Чороев президенттин көз карандысыз эл аралык аудиттерди кабыл алууга даярдыгы жөнүндөгү билдирүүсү Кыргызстандын бул маселеде ачык-айкын экенин жана мыйзам бузууларга жол бербестигин айтып турат деп эсептейт.
“Бул кадам эл аралык өнөктөштөр менен болгон ишенимди арттырууга жана санкциялар маселесин чечүүгө жардам берет. Президенттин БУУдагы сөзү — бул Кыргызстандын экономикалык коопсуздугун жана жарандарынын кызыкчылыктарын биринчи орунга койгон саясатынын ачык көрүнүшү. Экономиканы саясатташтырууга каршы туруу жана өз алдынча өнүгүүгө умтулуу — бул өлкөнүн туруктуу келечеги үчүн өтө маанилүү багыт”, - деп айтты серепчи.