Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады

Аймак Загрузка... 21 Март 2026 11:45
1712776_8d9fd3b285cbe4925d3f76627c1facbf.jpg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 21.03.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчысы белгилегендей, Нооруз майрамы жана Эгемендүүлүк күнү ар жылы ар башка облустарда белгилөө салтка айланган. Бул ирет Нооруз Нарын жергесинде майрамдалууда.

"Калайык калкыма тынчтык, токчулук, ыйман, ырыс, ынтымак тилеп, абасы кымыз жыттанган, алтын бешик Нарындан жалпы кыргызстандыктарды, чет элдик элчилерди, дипломатиялык корпус менен эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн Нооруз майрамы менен куттуктаймын", - деп белгиледи өлкө башчысы.

Эскерте кетсек, бүгүн Нооруз майрамы Нарын шаарында салтанаттуу түрдө белгиленүүдө.