Бишкек, 21.03.26. /Кабар/. Нарында президенттин катышуусунда Нооруз майрамы белгиленүүдө.
Мамлекет башчысы биринчи айым Айгүл Жапарова менен биргеликте сүмөлөктөн даам татты.
Майрамдык иш-чара театралдаштырылган оюн-зоок программасы менен коштолууда.
Белгилей кетсек, Нооруз майрамы жыл сайын ар кайсы облуста белгиленип келет.
Эске салсак, майрам 2022-жылы президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Баткен жергесинде, 2024-жылы Бишкекте, ал эми 2025-жылы Ош облусунда өткөн.