Нооруз-2026. Ошто Төлөйкөн ат майданында улуттук спорттук оюндар башталды

Аймак 18 Март 2026 16:00
653705214_122204659388368081_1578806265034402371_n.jpg
653701897_122204658932368081_2287992864265815193_n.jpg
653898500_122204658668368081_6485158207652636023_n.jpg
654213197_122204659352368081_1278505030964760954_n.jpg
654789218_122204658650368081_7906151859713971549_n.jpg
654811519_122204659160368081_4661552576103403297_n.jpg
654960959_122204659016368081_4010787569477758473_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 18.03.26. /Кабар/. Бүгүн, 18-мартта Төлөйкөн ат майданында 21-март — Нооруз майрамына карата улуттук спорттук иш-чаралар расмий түрдө башталды. Бул тууралуу Ош облусундагы өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдештер көк бөрү оюну менен башталып, ага 10дон ашык команда катышууда.

Ошондой эле улуттук спорттун көк бөрү, ат чабыш, эр эңиш жана салбуурун түрлөрү боюнча таймаштар өткөрүлүүдө.

Белгилей кетсек, оюндардын финалдык баскычы 21-март күнү өтөт.

Спорттук иш-чаранын ачылыш аземине облус жетекчисинин орун басары Талант Арстанкулов, Көк бөрү федерациясынын өкүлдөрү жана тиешелүү жетекчилер катышып, мелдештин катышуучуларына ийгилик каалашты.