Бишкек, 31.07.26 /Кабар/. Кыргызстан менен Азербайжан кызматташтыктын жаңы этабын баштады. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Илхам Алиев менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча ЖМК үчүн билдирүү жасап жатып билдирди.
Өлкө башчысы сүйлөшүүлөрдүн маанилүү жыйынтыктарынын бири – союздаштык мамилелер жөнүндө келишимге кол коюлушу болгонун белгиледи.
“Мындан тышкары энергетика, транспорт, киберкоопсуздук, билим берүү, финансылык рынокту жөнгө салуу жана баалуу металлдардын жүгүртүлүшү тармактарын камтыган олуттуу эки жактуу документтер пакетине кол коюлду.
Соода-экономикалык кызматташтыктын ырааттуу өнүгүп жатканын жана өз ара товар жүгүртүүнүн туруктуу өсүшүн белгиледик.
Ошондой эле ишкердик байланыштарды кеңейтүү жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү мындан ары да улантуу тууралуу макулдаштык.
Бүгүн Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун алкагында үч биргелешкен долбоордун ачылышы болуп, дагы сегиз демилгени ишке ашырууга старт берилди.
Өлкөлөрүбүздүн транспорттук коридорлорун өнүктүрүү жана транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдалануу маселелерине өзгөчө көңүл бурдук”,-деди Садыр Жапаров.