Бишкек, 30.11.25 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуштарды сатып алуу фактылары катталганын айтты.
Анын айтымында, бирок бул айрым гана учурлар.
“Азыр бизде шайлоочулар добуш саткан, ал эми талапкерлер добуш сатып алган бир эле көйгөй болуп жатат. Албетте, шайлоочулардын бардыгы добушун сатып жатат деп айтпайм, азыр элдин басымдуу бөлүгү акчага кызыкпай калды. Анткени, жашоо-турмуш жакшы, дүйнө таанымы өзгөрдү дегендей. Добушун саткан 10го жакын учур болду окшойт. Азыр териштирүүлөр жүрүп жатат. Бардыгы автоматташтырылып, адам фактору аралашпаган шайлоо системасы түзүлдү, эми калганы элдин колунда”, - деди өлкө башчысы.
Президент шайлоо системасын автоматташтыруу добуш берүүнүн ачык-айкындуулугун жана адилеттүүлүгүн камсыздоо үчүн киргизилгенин кошумчалады.
Муну менен катар өлкө башчы кыргызстандыктарды жарандык милдетти аткарып, шайлоого активдүү катышууга чакырды.