Ар бир добуш мамлекеттин тагдырын чечет — президент

Президент 30 Ноябрь 2025 13:20
590876632_25331320816487922_9038417485309146222_n.jpg
592197552_25331320763154594_1810706514544311914_n.jpg
592391922_25331320749821262_4293470040556866208_n.jpg
592382906_25331320759821261_1644653213744170780_n.jpg
592695418_25331320819821255_4622265104986256042_n.jpg
Алдыга
Артка
590876632_25331320816487922_9038417485309146222_n.jpg
592197552_25331320763154594_1810706514544311914_n.jpg
592391922_25331320749821262_4293470040556866208_n.jpg
592382906_25331320759821261_1644653213744170780_n.jpg
592695418_25331320819821255_4622265104986256042_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 30.11.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Бишкектеги №1046 шайлоо тилкесинен добуш берип, жарандарды шайлоого активдүү катышууга чакырды.

Өлкө башчысынын айтымында, бул шайлоо өзгөчө шайлоо, анткени шайлоо системасы толугу менен автоматташтырылган.

“Адам фактору катышпайт. Мурда бюллетендер кол менен басылып чыгып, аймактарга жеткирилчү. Анда ар бир тилкеде 50-100дөн бюллетенди ашыкча алып коюп, аларды бир талапкерге белгилеп салып коюшуп, өткөрүп жиберишчү. Азыр андай жок. Келген жерден компьютер өзү бюллетень чыгарып берет, бардыгын компьютер эсептейт жана кечинде жыйынтыгын компьютер чыгарат. Кыскасы адам фактору аралашпайт”, - деди.

Президент эмне үчүн мындай система ишке киргизилгенин айтып берди.

“Өзүңүздөр билесиздер, буга чейин өлкөдө 3 жолу төңкөрүш болсо, үчөө тең шайлоолордун кесепетинен келип чыккан. Ошондуктан бул ирет автоматташтырып, адам факторун аралаштырбаганга толук аракетибизди жумшадык. Мындан ары дагы аракет кыла беребиз”, - деди.

Ошондой эле Жапаров аралыктан добуш берүү киргизилгендигине байланыштуу шайлоого катышкандар көбүрөөк болот деген ишенимин билдирди.

“Мисалы, аймактардан борборго келгендер, же базарларда жүргөндөр дагы ошол жерде ачылган шайлоо тилкелерине кирип добуш бере алышат. Менин шайлоого 5 эле мүнөт убактым кетти. Ошондуктан бардык шайлоочуларга дагы бир жолу кайрылып, активдүү катышууга чакырам. Мындан ары бардык шайлоолор адам фактору катышпай өтөт. Кийинки жылы президенттик шайлоо өтөт. Анда дагы биз адам фактору катышпагандай кылып, мындан дагы жакшы шарттарды түзөбүз. Азыр бизде шайлоочулар добуш саткан, ал эми талапкерлер добуш сатып алган бир эле көйгөй болуп жатат. Албетте, шайлоочулардын бардыгы добушун сатып жатат деп айтпайм, азыр элдин басымдуу бөлүгү акчага кызыкпай калды. Анткени, жашоо-турмуш жакшы, дүйнө таанымы өзгөрдү дегендей. Добушун саткан 10го жакын учур болду окшойт. Азыр териштирүүлөр жүрүп жатат. Бардыгы автоматташтырылып, адам фактору аралашпаган шайлоо системасы түзүлдү, эми калганы элдин колунда”, - деди өлкө башчысы.

Ошондой эле президент чет өлкөлөрдө жашаган кыргызстандыктар үчүн дагы ыңгайлуу шарттар түзүлгөнүн кошумчалады.

“Мурда бир жума мурда атайын барып, кийинки жумада мен шайлоого катышам деп арыз берип, андан соң шайлоого катышчу. Азыр паспортун көтөрүп келип, каалаган шайлоо тилкесинен шайлай алышат. Ошондуктан кечке чейин дагы убакыт бар, бардыгыңыздарды шайлоого активдүү катышууга чакырам. Анткени, ар бир добуш мамлекеттин тагдырын чече турган добуш. Мурдагыдай менин добушум эмнени чечмек эле, баары бир бай, же бийлик колдогон талапкер өтөт деген түшүнүктөн арылып, “менин добушум Кыргызстандын тагдырын чечет” деген ишеним менен келип, добуш берип кетүүгө чакырам”, - деди президент.