Садыр Жапаров: Коррупцияга аралашкандар аёосуз жазаланат

Президент 9 сентябрь 2026 12:20
Садыр Жапаров: Коррупцияга аралашкандар аёосуз жазаланат
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 09.09.26. /Кабар/. Коррупцияга аралашкандар аёосуз жазаланат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып билдирди.

Өлкө башчысы депутаттарды мамлекеттик кызматтарда коррупциялык көрүнүштөр болсо, далилденген, негизделген фактылар менен элдин алдына алып чыгуу керектигин белгиледи.

"Албетте, мага эң чоң жардам берген болосуздар. Мен сиздер тарапта болом. Сиздерди колдойм. Сиздерге рахмат гана айтам. Биз мамлекеттин өнүгүшүн артка тартып жаткан көрүнүштөрдү, айрыкча коррупцияга аралашкандарды аёосуз жазалайбыз", - деп айтты президент.