Бишкек, 12.10.26. /Кабар/. Ички иштер министрлиги тарабынан "Коррупцияга жол жок!" аттуу челленж башталды.
Ведомстводон белгилешкендей, демилгенин максаты - коррупцияга каршы күрөштүн маанилүүлүгүн коомчулукка жеткирүү, жарандардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу жана коррупциялык көрүнүштөргө карата келишпестик мамилени калыптандыруу.
Коррупцияга каршы күрөшүү - мамлекеттик органдардын гана эмес, жалпы коомчулуктун биргелешкен милдети. Анын алдын алуу жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу ар бирибизден жоопкерчиликти талап кылат.
Челлендждин алкагында эстафеталык вымпел Агартуу министрлигине өткөрүп берилип, демилгени улантууга жана коомчулукту активдүү катышууга чакыруу жасалды.
Коррупцияга жол жок! Биргеликте таза, адилеттүү жана коррупциясыз коомду куралы!