Садыр Жапаров Кочкордогу ипотекалык үйлөрдүн курулушу менен таанышты

Президент 912 23 Июнь 2026 16:40
photo_5321394923208645798_y (1).jpg
730608691_1018532043969114_5727569440306235814_n (1).jpg
727719692_996127863169926_7673149529538143333_n.jpg
728243810_952206261183067_2248395689538981096_n.jpg
Алдыга
Артка
photo_5321394923208645798_y (1).jpg
730608691_1018532043969114_5727569440306235814_n (1).jpg
727719692_996127863169926_7673149529538143333_n.jpg
728243810_952206261183067_2248395689538981096_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 23.06.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-июнда Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан Кочкор айылында курулуп жаткан көп батирлүү турак үйлөрдүн курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Мамлекет башчысына аянты 2 гектар жер тилкесинде беш кабаттуу 8 блоктон турган турак жай комплексинин курулушу уланып жатканы тууралуу маалымдалды. Жалпы 217 батирден турат.

Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев бүгүнкү күнгө карата курулуш иштери 80%га аяктаганын кошумчалады.

Объекттин курулушун көрүп чыккандан кийин, президент Садыр Жапаров долбоорду ишке ашыруу мөөнөттөрүн сактоо жана жүргүзүлүп жаткан иштердин сапатын көзөмөлдөөнү күчөтүү тапшырмасын берди.