Садыр Жапаров Кочкор районунун тургундарынын суроолоруна жооп берди

Президент 541 23 Июнь 2026 23:55
728226076_1593718289429466_6443446208978858692_n.jpg
727497725_1593718556096106_5635653896409188168_n.jpg
730266845_1593718516096110_9073487871532301779_n.jpg
728618675_1593718402762788_8318878332955687051_n.jpg
728912132_1593718369429458_4351722758458683967_n.jpg
729364842_1593718319429463_4470486161039246826_n.jpg
728226168_1593718606096101_477569324602497344_n.jpg
729364835_1593717979429497_5739405997668321938_n.jpg
728912922_1593718199429475_4991902088019662208_n.jpg
728254920_1593718456096116_5941912083185593849_n.jpg
729047543_1593718679429427_7355204228246938127_n.jpg
728213215_1593718152762813_1991470276300645000_n.jpg
728512218_1593718062762822_8787157604265543983_n.jpg
727543100_1593718496096112_4441785700447594336_n.jpg
726635784_1593718072762821_407918470804646969_n.jpg
727393948_1593718159429479_4688164850424131433_n.jpg
727543126_1593718236096138_4764618263205816447_n.jpg
728984940_1593718639429431_7911790640765906577_n.jpg
729746795_1593717986096163_8855281020126860755_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 23.06.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-июнда Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кочкор районунун активи жана тургундары менен жолугушту.

Иш-чара ачык диалог форматында өтүп, анын жүрүшүндө жашоочулар актуалдуу суроолорун мамлекет башчысына түз бере алышты.

Жолугушуу учурунда жарандардын айрым категорияларын турак жай менен камсыз кылуу, социалдык жана спорттук инфраструктураны өнүктүрүү, суу менен камсыздоону жана ирригацияны жакшыртуу, айыл чарбасын колдоо, ошондой эле жер жана мүлктүк талаштарды кароо маселелери көтөрүлдү.

Тургундар медицина кызматкерлерине турак жай берүү, Чолпон айылында спорт комплексин куруу, айыл чарба өндүрүүчүлөрүн техника менен камсыздоо жана жарандардын жер тилкелерине болгон укуктарын сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Ошондой эле пенсия менен камсыздоо, майыптыгы бар жарандарга социалдык колдоо көрсөтүү, кызматкерлердин эмгек укуктары жана соттук териштирүүлөр боюнча кайрылуулар айтылды.

Садыр Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдарга ар бир кайрылууну тыкыр изилдеп, мыйзам чегинде зарыл чараларды көрүүнү тапшырды. Турак жай маселеси боюнча президент медицина кызматкерлерине батир берилерин маалымдады жана мамлекет өлкө боюнча турак жай куруу программаларын ишке ашырууну уланта берерин баса белгиледи.

Инфраструктураны өнүктүрүүгө токтолгон мамлекет башчысы Чолпон айылында спорт комплексин курууну колдоду, ошондой эле социалдык объектилерди мындан ары модернизациялоонун жана аймактарда калктын жашоо шарттарын жакшыртуу маанилүү экенин айтты.

Жер талаштары, жарандардын мүлк укуктары, жергиликтүү бийлик органдарынын ишмердүүлүгү жана айрым сот чечимдери менен байланышкан кайрылуулар боюнча президент укук коргоо, сот жана көзөмөл органдарына ар бир ишти объективдүү жана ар тараптуу кароону камсыз кылууну тапшырды.

Жолугушуунун жыйынтыгында Садыр Жапаров көтөрүлгөн бардык маселелер көзөмөлдө болоорун, ар бир кайрылуу боюнча белгиленген тартипте тийиштүү чечимдер кабыл алынарын баса белгиледи.