Президент: Мамлекет күйүүчү майдын баасын кескин жогорулатпоого аракет кылууда

Экономика 180 14 Август 2026 14:10
WhatsApp_Image_2026_m49budz.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 14.08.26. /Кабар/. Кыргызстанда күйүүчү майдын баасын мүмкүн болушунча туруктуу кармап туруу үчүн мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүнүп, субсидия берилүүдө. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров журналист Али Токтакуновго берген маегинде билдирди.

Мамлекет башчысынын айтымында, дүйнөдөгү геосаясий кырдаалга байланыштуу күйүүчү майдын баасы өсүп жаткан шартта Кыргызстанда бааны кескин көтөрбөөгө аракет жасалууда.

"Биз аны бюджеттен субсидиялап жатабыз. Мейли 89 сомдон турсун, мейли 90 сомдон турсун, калганын бюджеттен берели деп жаап жатабыз", - деди президент.

Президент Кыргызстан учурда күйүүчү май жана газ боюнча импортко көз каранды экенин белгилеп, өлкөдө өз мунайын өндүрүүнү жана кайра иштетүү көлөмүн көбөйтүү зарылдыгын айтты.