Садыр Жапаров “Келечек оюндары – 2026” турниринин ачылышына катышты

Президент 29 Июль 2026 19:30
IMG_5308.jpeg
IMG_5312.jpeg
IMG_5307.jpeg
IMG_5311.jpeg
IMG_5310.jpeg
IMG_5309.jpeg
IMG_5313.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_5308.jpeg
IMG_5312.jpeg
IMG_5307.jpeg
IMG_5311.jpeg
IMG_5310.jpeg
IMG_5309.jpeg
IMG_5313.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 29.07.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-июлда Астана шаарында өткөн эл аралык мультиспорттук “Келечек оюндары – 2026” мелдешинин ачылыш аземине катышты.

Иш-чарага Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев жана Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон катышты.

Касым-Жомарт Токаев мелдештерди ачып, сөз сүйлөдү. Ошондой эле Россия Президенти Владимир Путин видеокайрылуу аркылуу катышуучуларга салам жолдоду.

29-июлдан 9-августка чейин өтө турган беттештерге 34 өлкөдөн сегиз инновациялык дисциплина боюнча келген 800дөн ашуун спортчу катышат.