Садыр Жапаров Кара-Көл ГЭСинин ачылыш аземине катышууда

Коом 27 октябрь 2025 13:22
572495853_25030211546598852_7370336224325858391_n.jpg
571666497_25030212236598783_4259970218819733507_n.jpg
571755707_25030211723265501_7607064768757052419_n.jpg
572800364_25030210356598971_4711777362989368030_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 27.10.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Көл ГЭСинин ачылыш аземине катышууда.

Кара-Көл ГЭСинин курулушу өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу, аймакка туруктуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясын жеткирүү, ошондой эле улуттук экономикабызды чыңдоо максатында ишке ашырылып жаткан комплекстүү иш-чаралардын алкагындагы чоң жетишкендиктердин бири болуп эсептелет.

2023-жылы Энергетика министрлиги инвестициялык макулдашууну сунуштап, аны министрлер кабинети жактырып, бекитип берген. Анын алкагында ошол эле жылдын сентябрь айында аталган ГЭСтин курулушу башталган.

Макулдашууга ылайык, курулуш иштери графиктен 5 айга эрте бүткөрүлдү. Негизи “Кара-Көл” ГЭСинин курулушу 2026-жылдын биринчи кварталында бүтмөк болчу.