Садыр Жапаров депутаттарды кагаздан баш тартып, санарипке өтүүгө чакырды

Президент Загрузка... 11 Март 2026 11:38
423537.jpg
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 11.03.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңеште сөз сүйлөп жатып, депутаттарды кагаз-калем колдонуудан баш тартууга чакырды.

Өлкө башчысы жылына парламентке ондогон тонна кагаз сатып берилип жатканын айтты.

“2021-жылы 9 тонна, 2022-жылы 13 тонна, 2023-жылы 9 тонна, 2024-жылы 18 тонна, 2025-жылы 10 тонна, жалпысынан 5 жылда 65 тонна кагаз кетиптир. Башка дагы чыгымдар бар. Биз кагаздарды чет өлкөдөн импорттойбуз. Ошондуктан биз импорттон кетишибиз керек. Төрага оргтехника менен жакын дос экен, ошол мени кубандырды. Анткени, өзү түшүнгөн адам тез өткөрөт деп ойлойм. Кагаз менен калемди унуткула, бул замандын талабы”, - деди президент.