Садыр Жапаров: Борбор Азия дүйнөлүк деңгээлдеги иш-чара өткөрүүгө даяр аймак экенин далилдеди

Президент Жүктөлүүдө... 01 Август 2026 20:30
КК.jpg
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 01.08.26. /Кабар/. Бүгүн биз биргеликте Борбор Азия тынчтыктын, өз ара ишенимдин жана дүйнөлүк деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүүгө даяр аймак экенин дагы бир жолу далилдедик. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Мамлекет башчысы ошондой эле кесиптештерине колдоосу жана катышуусу үчүн ыраазычылыгынын айтты.

Белгилей кетсек, бүгүн, 1-августта Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандын президенттери Ысык-Көл облусунда өтүп жаткан UIM F1H2O “Формула-1” боюнча дүйнө чемпионатынын ачылыш аземине катышышты. Бул дүйнөлүк спорттогу эң абройлуу, кызыктуу жана жогорку технологияларга негизделген мелдештердин бири.

Эл аралык мелдешке дүйнөнүн 13 өлкөсүнөн - Бириккен Араб Эмираттары, Австралия, Канада, Эстония, Финляндия, Франция, Италия, Норвегия, Польша, Португалия, Швеция, Улуу Британия жана АКШдан келген суудагы Formula 1 H2O боюнча эң күчтүү 18 спортчу катышууда.