Садыр Жапаров Бишкектеги борбордук мечитте ооз ачар өткөрдү

Президент Загрузка... 07 Март 2025 21:08
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Президенттин администрациясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 07.03.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-мартта, Бишкектеги Иамам Сарахси атындагы борбордук мечитте намаз окуп, чогулгандардын баарына ооз ачар өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Маалыматта айтылгандай, мамлекет башчысы мечитке келгендерди ыйык Орозо айы менен куттуктап, руханий жактан бекемдикти жана баардык жакшылыктардын кабыл болушун каалап, биримдиктин, боорукердиктин жана өз ара жардамдашуунун маанисин баса белгиледи.

“Кудай баарыбыздын тилегибизди кабыл кылсын, калкыбыздын баардыгынын көкүрөгүнө ыйман толтурсун. Элибиздин ырыскысын мол кылсын. Мамлекетибизде тынчтык болсун”,- деп белгиледи президент Садыр Жапаров.