Садыр Жапаров Оштогу “Сулайман-Тоо” борбордук мечитинде ооз ачар өткөрдү

Президент 20 Март 2025 21:40
485069137_9337086559692835_3873945595593630474_n.jpg
484935171_9337086829692808_8489227583033465874_n.jpg
485040479_9337085959692895_5149790491415735726_n.jpg
485061097_9337086423026182_8873084989645961910_n.jpg
485380557_9337086223026202_4443096854871429086_n.jpg
484977295_9337087026359455_4636763198097140604_n.jpg
485062326_9337086159692875_7673317565602406511_n.jpg
485060544_9337086713026153_6889489547442385331_n.jpg
485146775_9337085956359562_4163207592380562789_n.jpg
484834569_9337086663026158_626712123823199458_n.jpg
485089740_9337086966359461_6605440918398611425_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Султан Досалиев

Бишкек, 20.03.25 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-мартта, Ош шаарындагы “Сулайман-Тоо” борбордук мечитине барып, намаз окуп, чогулгандардын баарына ооз ачар өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Анын айтымында, мамлекет башчысы мечитке келгендерди ыйык Орозо айы менен куттуктап, анын ыймандын бекемделиши жана сооп иштер үчүн өзгөчө маанисин белгиледи. Ал мусулмандарга орозо кармоодо сабырдуулук, үй-бүлөдө бакубатчылык, тынчтык жана ынтымак каалады.

“Ыйык Орозо айы - кайрымдуулуктун, жакшылыктардын жана руханий тазалануунун мезгили. Үйлөрүңүздө тынчтык, ынтымак жана бакубатчылык өкүм сүрсүн. Бардык тилектер кабыл болуп, кайрымдуу иштер сизге жана жакындарыңызга кут-береке жана өнүгүү алып келсин. Сиздердин үй-бүлөңүздөргө чың ден-соолук, бакыт-таалай жана биримдик каалайбыз", - деди Садыр Жапаров.

Ошондой эле Алагөзов иш-чаранын аягында президент мечитке келгендер менен баарлашып, алардын каалоолорун угуп, бир туугандык жана биримдик маанайында чогуу отуруп, тамактанганын кошумчалады.