Стамбулда мекендештерге ооз ачуу аземи өттү: Иш-чарага 600дөн ашуун адам катышты

Коом 17 Март 2026 10:18
1H1A9402.JPG.jpeg
1H1A9513.JPG.jpeg
1H1A9373.JPG.jpeg
1H1A9490.JPG.jpeg
1H1A9333.JPG.jpeg
1H1A9281.JPG.jpeg
1H1A9234.JPG.jpeg
1H1A9256.JPG.jpeg
1H1A9337.JPG.jpeg
1H1A9349.JPG.jpeg
Алдыга
Артка
1H1A9402.JPG.jpeg
1H1A9513.JPG.jpeg
1H1A9373.JPG.jpeg
1H1A9490.JPG.jpeg
1H1A9333.JPG.jpeg
1H1A9281.JPG.jpeg
1H1A9234.JPG.jpeg
1H1A9256.JPG.jpeg
1H1A9337.JPG.jpeg
1H1A9349.JPG.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 17.03.26. /Кабар/. Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу мекендештер үчүн ооз ачуу уюштурулду. Бул тууралуу аталган шаардагы Башкы консулдуктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага башкы консул Чыңгыз Токтобеков, Түрк мамлекеттери уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев, белгилүү диний ишмер Абдишүкүр Нарматов, "Ташяпы Шишли Эткинлик Аланы" жайынын директорлор кеңешинин төрагасы Эмруллах Туранлы катышты.

Башкы консул Чыңгыз Токтобеков чакырылгандарды ыйык Рамазан айы менен куттуктап, мындай жолугушуулар чет өлкөдө жүргөн мекендештердин башын бириктирүү, өз ара байланышты бекемдөө, ошондой эле биримдик, ынтымак жана боордоштукту чыңдоо максатын көздөй тургандыгын белгиледи.

Абдишүкүр Нарматов Рамазан айынын мааниси жана руханий баалуулуктары тууралуу баян айтты. Ооз ачууга жалпы 600дөн ашык мекендеш катышты.