Кыргызстанда Кадыр түн 17-мартка караган түнү белгиленет

Коом Загрузка... 04 Март 2026 10:30
WhatsApp_Image_2025-03-25_at_14.30.20.width-800.jpg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 04.03.26. /Кабар/. Быйыл Орозо айында Кадыр түн 16-марттан 17-мартка караган түнү белгиленет. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

Кадыр түн ыйык Орозо айынын 26-күнүнөн 27-күнүнө караган түнү өткөрүлөт. Бул — Рамазан айынын акыркы он түнүнүн бири. Бул түндү жер шарындагы миллиарддаган мусулмандар чыдамсыздык менен күтүшөт. Анткени бул түн жылына бир гана жолу келип, анын баалуулугу 83 жылга тете.

"Кадыр" деген сөз ислам окумуштуулары тарабынан ар түрдүү чечмеленген. Негизинен, "өтө кадырлуу, улуу түн" дегенди билдирет. Дагы бир чечмелөөдө "кысылуунун, тардыктын түнү" деп да айтылат. Бул ошол түнү жер бетине түшкөн сансыз периштелерге жер тардык кылары менен түшүндүрүлөт.

Кадыр түн — Куран түшүрүлгөн түн.

Ошондуктан Орозо айында Куран окуп, угуп жана үйрөнүү зарыл. Бул түндүн маани-маңызы же актуалдуу диний темалар боюнча аалымдардын катышуусунда уюштурулган жыйындарга катышуу ашыкча болбойт. Анткени мындай жолугушуулар адамдын өзүн-өзү сындан өткөрүүсүнө, каталарын таанууга, кемчиликтерин жоюуга, айрыкча боордоштук мамилени, достукту жана ынтымакты күчөтүүгө өбөлгө түзөт.