Акысыз азык-түлүк: Караколдо кайрымдуулук дүкөнү иштеп жатат

Аймак 671 09 Март 2026 12:12
cf295625-6ff2-4b22-b862-98708b78c7d1.jpg
8065ce94-f467-4e89-85e7-d750367a7d20.jpg
Алдыга
Артка
cf295625-6ff2-4b22-b862-98708b78c7d1.jpg
8065ce94-f467-4e89-85e7-d750367a7d20.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы

Бишкек, 09.03.26. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Мухтарулло мечитинин алдындагы кайрымдуулук дүкөнү жылдагыдай эле муктаж жарандар үчүн өз ишин улантууда. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кайрымдуулук дүкөнүндөгү азык-түлүктөрдү муктаж болгон жарандар акысыз алып кетсе болот. Бул демилге үч жылдан бери элге кызмат кылып, көптөгөн адамдарга жардамын тийгизип келет.

Кайрымдуу инсандар тарабынан уюштурулган бул дүкөн Орозо айында да күн сайын ачык болот. Текчелер үзгүлтүксүз жаңы азык-түлүктөр менен толукталып турат.