Кадыр түн 17-мартка караган түнү белгиленет. Аны кантип өткөрүү зарыл?

Коом Загрузка... 13 Март 2026 13:50
545579387_3551457518330755_632419263806093119_n.jpg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 13.03.26. /Кабар/. Быйыл Орозо айында Кадыр түн 16-марттан 17-мартка караган түнү белгиленет. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан маалымдашкан.

Ыйык Орозо айынын 26-күнүнөн 27-күнүнө караган түнү өткөрүлө турган Кадыр түндүн маани жана маңызы тууралуу алдыда кененирек токтолобуз.

Кадыр түн - бул Орозо айынын акыркы он түнүнүн бири. Бул түндү Жер шарындагы миллиарддаган мусулмандар чыдамсыздык менен күтүшөт. Анткени, бул түн 1 жылда бир гана жолу келип, анын баалуулугy 83 жылга тете.

“Кадыр” деген сөз ислам окумуштуулары тарабынан ар түрдүү чечмеленген. Кадыр түнү “өтө кадырлуу, улуу түн” дегенди билдирет. Дагы бирөөсүндө “кысылуунун, тардыктын түнү” деп да айтылат. Анткени, бул түндө жер бетине түшкөн сансыз периштелерге жер тардык кылары менен түшүндүрүлөт.

WhatsApp_Image_GgxP9pn.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90

Кадыр түн Куран түшүрүлгөн түн болуп саналат. Ошондуктан Орозо айында Куранды окуп, угуп, үйрөнүү зарыл. Бул түндүн маани-маңызы жөнүндө же болбосо актуалдуу диний темаларда илимпоздор-аалымдардын катышуусунда уюштурулган жыйналыштарга катышуу ашыкча болбойт. Анткени, мындай жолугушуулар адамдын өзүн-өзү сындан өткөрүүсүнө, жаңылыштык, каталыктарды кайрадан таанууга, кемчиликтерди жоюуга, айрыкча боордоштук карым-катышты, достукту, ынтымак-ырашкерликти күчөтүүгө өбөлгө түзөт.

545706678_3551457444997429_2653091425083315738_n

Кадыр түн миң айдан да жакшы экендиги, ким кадыр түндү сообуна ишенип ыкылас менен өткөрсө, мурунку күнөөлөрү кечирилери айтылат.

Кадыр түндө анын жакшылыктарга себеп болуусун тиленип, достук, бир туугандык жана биримдиктин артышына, бүткүл адамзат түрдүү кырсыктардан алыс болуусуна багыттап, ошондой эле жакындардын амандыгынын, ден соолугунун, үй-бүлөлүк бактылуулуктун болушуна дубаларды айтуу кажет.

545391676_3551457591664081_1894162122267634648_n

Кадыр түндү уктабай мечитте, үйдө жакындар же достор менен тоссо болот. Анда ушак айтуудан, куру сөз сүйлөп отуруудан алыс болуш керек. Музыка же көңүл ачуучу кино тасмаларды көрүүгө болбойт.