Бишкек, 17.03.25. /Кабар/. "Ынтымак Ордодо" президент Садыр Жапаров бир катар өлкөлөрдүн элчилеринин ишеним грамоталарын кабыл алды.
Ишеним грамоталарын Индия Республикасынын элчиси Бирендер Сингх Ядав, Бразилия Федеративдик Республикасынын элчиси Марсель Фортуна Биато, Австрия Республикасынын элчиси Андреа Бахер, Финляндия Республикасынын элчиси Янне Хейсканен, Дания Королдугунун элчиси Йеспер Вар, Ангола Республикасынын элчиси Аугушту да Силва Кунья тапшырды.
Салтанаттуу азем чет өлкөлүк дипломатиялык миссиялардын башчыларын Ардак кароолдун тосуп алышы менен башталып, андан соң элчилер президент Садыр Жапаровго ишеним грамоталарын тапшырды.
Мамлекет башчысы дипломаттар менен саламдашып, элчилерди дипломатиялык миссиясынын расмий башталышы менен куттуктады.
Президент эгемендүүлүк алган күндөн тартып, Кыргызстан дүйнөдөгү бардык өлкөлөр менен саясий диалогду жана соода-экономикалык кызматташтыкты ырааттуу өнүктүрүп келе жатканын баса белгиледи.
Садыр Жапаров өз сөзүндө дипломатиялык миссиялардын башчылары өкүл болгон мамлекеттер менен мамилелерди кыскача мүнөздөп берип, Кыргызстан алар менен кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө чоң маани берерин айтып өттү.