Бишкек, 02.10.26. /Кабар/. Күн мурун Кыргызстандын БУУдагы жаңы туруктуу өкүлү Аяз Баетов уюмдун башкы катчысы Антониу Гутерришке ишеним грамоталарын тапшырды.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, салтанаттан кийин кыска протоколдук жолугушуу болуп, анын жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен БУУнун ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалын жана аны мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.
Аяз Баетов башкы катчыга Кыргызстанга туруктуу көңүл буруп, тыгыз кызматташтык жүргүзүү менен Кыргызстандын БУУнун алкагындагы демилгелерин колдоп келе жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
Өз кезегинде Антониу Гутерриш Аяз Баетовду Кыргызстандын уюмдагы Туруктуу өкүлү катары дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, Кыргызстан менен өз ара аракеттенүүнү мындан ары да бекемдөөгө даяр экендигин айтты.
Жолугушуу жылуу жана достук маанайда өттү.