Садыр Жапаров Беларусь тышкы иштер министри Максим Рыженковду кабыл алды

Президент 659 23 Июль 2026 12:45
752488734_1621451073322854_1301390021728822196_n (1).jpg
753848877_1621451176656177_4640402414787755941_n.jpg
751041480_1621451059989522_1796573715030295711_n.jpg
753396610_1621451153322846_7708231880691188812_n.jpg
Алдыга
Артка
752488734_1621451073322854_1301390021728822196_n (1).jpg
753848877_1621451176656177_4640402414787755941_n.jpg
751041480_1621451059989522_1796573715030295711_n.jpg
753396610_1621451153322846_7708231880691188812_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 23.07.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-июлда Чолпон-Ата шаарында Беларустун тышкы иштер министри Максим Рыженковду кабыл алды.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери жана негизги багыттардын бардыгы боюнча өз ара аракеттенүүнү мындан ары кеңейтүү тууралуу пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы саясий диалогдун жогорку деңгээлин, бекем келишимдик-укуктук базаны жана жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга эки тараптын тең берилгендигин камтыган эки жактуу кызматташтыкты мындан ары чыңдоо үчүн бардык зарыл шарттар бар экенин белгиледи.

Садыр Жапаров бүгүнкү жолугушуу эки өлкөнүн өнөктөштүгүн чыңдоого, өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө жана Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы ишенимдүү саясий диалогду өнүктүрүүгө маанилүү салым кошот деген ишенимин билдирди.

Беларусь президенти Александр Лукашенконун алдыдагы ШКУнун саммитине жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуусунун маанилүүлүгү өзгөчө белгиленди.

Өз кезегинде Максим Рыженков президент Садыр Жапаровго Беларусь президенти Александр Лукашенконун саламын жана жакшы каалоолорун жеткирди.

Ал Кыргызстанды БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы менен куттуктап, өлкө Кеңештин ишмердүүлүгүнө олуттуу салым кошоруна ишеним билдирди.

Ошондой эле соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун соңунда президент Садыр Жапаров менен Беларустун тышкы иштер министри Максим Рыженков мындан ары тыгыз өз ара аракеттенүүгө даяр экенин жана жетишилген макулдашууларды ырааттуу ишке ашырууга берилгендигин ырасташты.