Садыр Жапаров Азербайжандын эң жогорку мамлекеттик сыйлыгы — Гейдар Алиев ордени менен сыйланды

Коом Жүктөлүүдө... 31 Июль 2026 11:30
WhatsApp Image 2026-07-31 at 11.40.43.jpeg
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 31.07.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Азербайжандын эң жогорку мамлекеттик сыйлыгы — Гейдар Алиев ордени менен сыйланды.

Сыйлыкты Азербайжандын президенти Илхам Алиев Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында тапшырып, Жапаровдун өлкөнү өнүктүрүүгө кошкон салымын жогору баалады.

Алиев өз сөзүндө акыркы жылдары Кыргызстанда жүрүп жаткан өзгөрүүлөрдү өзгөчө белгилеп, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү, эл аралык аброю жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү кыйла жогорулаганын айтты. Ал ошондой эле Ысык-Көл аймагындагы ыкчам өнүгүүнү мисал келтирип, мындай өсүш буга чейин кыска убакыт ичинде байкалбаганын белгиледи.

“Кыргызстандагы өзгөрүүлөрдү көрбөй коюу мүмкүн эмес. Бул жетишкендиктер өлкө жетекчисинин өз элине болгон берилгендигинин, улуттук баалуулуктарды сактоо менен мамлекетти жаңы деңгээлге чыгарууга багытталган аракеттеринин натыйжасы”, — деди Алиев.

Ал Кыргызстанда миграциялык агымдын оң нукка өзгөрүп жатканын да белгилеп, чет өлкөлөрдөн мекенине кайтып келген жарандардын саны көбөйүп жатканын айтты.

Азербайжандын президенти Садыр Жапаровдун кыргыз-азербайжан мамилелерин чыңдоодогу ролуна өзгөчө токтолуп, бул багыттагы эмгеги жогору бааланарын билдирди.

“Азербайжан сиздин Кыргызстанды өнүктүрүүгө жана эки өлкөнүн ортосундагы боордоштук байланыштарды бекемдөөгө кошкон салымыңызды жогору баалайт. Менин жарлыгым менен сиз Азербайжандын эң жогорку сыйлыгы — Гейдар Алиев ордени менен сыйландыңыз”, — деди ал.