Садыр Жапаров: 5 жылда консолидацияланган бюджет 3,5 эсеге өстү

Президент Загрузка... 27 Февраль 2026 12:58
3644412.4687b608abf806b7cf392d430eaa9567.jpg
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 27.02.26. /Кабар/. Биз 2021-2025-жылдарды өлкөнүн экономикалык моделин терең трансформациялоого арнадык, - деди президент Садыр Жапаров бүгүн "Ынтымак Ордодо" өтүп жаткан республикалык кеңешмеде.

Президенттин айтымында, 5 жыл мурун пандемия учурунда өлкөдө мамлекеттик бюджеттин көйгөйлөрү, институттардын алсыздыгы жана инвестициялык активдүүлүктүн төмөндүгү байкалган.

"Мен 2021-2025-жылдар Кыргызстандын жаңы тарыхындагы сапаттуу экономикалык өнүгүү доору болуп калат деп ишенем. 2020-жылы өлкөнүн ИДПсы 8,3 млрд долларды түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгы менен ал 22,6 млрд долларга жетип, экономиканын көлөмү болжол менен 3 эсеге өстү", - деди өлкө башчысы.

Президенттин айтымында, жалпысынан 5 жылдын ичинде салыктык кирешелер 4 эсеге, бажы кирешелери 6 эсеге, ал эми салыктык эмес кирешелер 9 эсеге өскөн.

"Консолидацияланган бюджет 2020-жылы 313 млрд сомду түзсө, 2025-жылы 1 трлн 100 млрд сомдон ашты — бул 3,5 эселик өсүштү билдирет", - деди президент.